Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.

Парламент өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

20:06 29.6.2022

Депутат Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” акчасын үнөмдөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жаңы кеңсеге көчкөнүн сындап, жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөрдүн” каражатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

“Бул сиздики эмес, мамлекеттики. 8 миллиард сом акчаны казынадан алдыңызбы же “Кумтөрдүкүбү?” Мына, азыр канчалаган бөйрөгү ооругандар акчасы жок өлүп жатат. Сиз бул жерде 50 миң доллар аз десеңиз туура эмес. 50 миң эмес, 40 миңге алыңыз. Бул элдин акчасы”, - деди Токтошев.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчкөнүнүн себебин буга чейин бир нече жолу түшүндүргөнүн, “Учкун” имаратында иштөөгө мүмкүн болбой калганын айтты. Ал ар кандай чыгымдардан 104 млн. доллар үнөмдөгөнүн, 2 жылдын ичинде өздөрү кеңсе салып кетерин билдирди.

19:45 29.6.2022

Уу калдыктар көмүлгөн жайдагы уранды кайра иштетүү маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетине өлкөдөгү уу калдык сактоочу жайлардагы уран калдыктарын кайра иштетүүнү сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага уран иштетүүгө тыюу салган мыйзамды өзгөртүү керек деген жооп кайтарды.

“Биз уранды жаңы технология менен иштетсек болот эле. Бөлөк өлкөлөргө караганда жакшы жагдайыбыз, уранды утилизация кылган уу калдык сактоочу жайыбыз бар. Мен депутат кезде эч ким уккан жок. Шайлоо алдында болуп калып уранга тиешелүү изилдөө, кайра иштетүүгө мыйзам бөгөт коюп койгон. Мыйзамды өзгөртүп берсеңер иштетүүгө даярбыз”, - деди Жапаров.

19:43 29.6.2022

Жапаров “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып, өлкөдөгү жолдорду оңдоо максатында түзүлгөн “Жол фондуна” машинелерден салык алуу каралып жатканын билдирди.

“Жол фондун” түзүп бердиңер, ал жакшы иштебей жатат. Негизи жолдорду оңдой турган “Жол фонду” болчу. Дүйнө жүзүндө 1 литр бензиндин баасынан акча “Жол фондуна” барат. Ошол акчага жол оңдолот. Биз баарын бюджеттин эсебинен жасап жатабыз. 1 млн. 415 миң машине болуп кетти. Биз жакынкы арада ушуга өтөбүз. Ким көбүрөөк айдаса ошол фондго акча төлөйт. Биздин эсеп боюнча 10 жылдын ичинде базар шарттарын киргизип алсак 1 млрд. 400 млн. доллар жылына чогулуп турмак”, - деди Жапаров.

Январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында "Жол фонду" түзүлгөн.

18:48 29.6.2022

“Камбар-Ата-1” боюнча Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү келери айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бийликтин аткарылган иштери жөнүндө маалымат берип жатып, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирди.

“Жума күнү Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келип жатат. Аларды Бакыт Эргешович тосуп алат. Курулуш иштеринин алкагында 20 млн. доллар бөлүп бергенбиз. Энергетика министрлиги ишин баштады. Эки жылдын ичинде көпүрөлөрүн, тоннелдерин бүтүрүп, кийинки шарттарга даярданып жатабыз. Каржы министрлиги менен бирге 500 млн. долларды даярдап койдук. Эгерде кайсы бир шарттар туура келбей калса өзүбүз курууга бел байладык”, - деди Жапаров.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG