Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.
Акылбек Жапаровдун кызматка киришкен учуру. 13-октябрь, 2021-жыл.

Парламент өкмөттүн маалыматын укту

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

18:45 29.6.2022

Депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектептерди мэриянын балансынан чыгарып, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүүнү сунуштады.

"Шаарда жүз мектеп бар. Алардын директорлору мени бир миллиард сомго айыпка жыгып бергиле деп жатышпайбы. Аларды шаардан алып, министрликке бериңиз. Шаардын мэри чарбалык иштер менен алек болсун. (Бул тармакка - ред.) шаардык бюджеттен 3,5 млрд. сом кетет. Мунун эмне кереги бар?" - деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттен да ушундай тапшырма берилгенин, бул маселе каралып жатканын билдирди.

18:16 29.6.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкө боюнча 50 миң көзөмөл-кассалык машина колдонулуп жатканын айтты.

“2021-жылы 1-сентябрына карата республика боюнча 21 миң 191 ККМ же болбосо 306 адамга бир аппарат катталса, 2022-жылдын 27-июнга карата бардыгы 50 миң 307 ККМ же 134 адамга 1 аппарат катталды”, - деди Жапаров.

Ал ККМ аппарат көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн зарыл экенин белгиледи.

18:05 29.6.2022

Кыргызстан ККМ колдонууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң артта

Өкмөт башкы Акылбек Жапаров Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппаратты (ККМ) колдонгондордун саны соңку учурда 2,4 эсеге көбөйгөнү менен Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө башка мамлекеттерден ичинен кыйла артта калганын айтты.

"Биз ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калуудабыз. Биз Салык кодексин демилгелеп жатканда, патент системасынан өтүүгө түрткү берүүчү ченем болгон. Биринчи жылы толугу менен бошотуу, жүгүртүүсү жылына 8 млн сомдон ашпаган субъекттерди бошотуу каралган. Эми, биз көрсөтүлгөн чектик суммага көтөрүүгө даярбыз. Бирок өзүңүздөр билгендей, салыксыз режимдин кандай чегине болбосун макул болбогон субъекттер да бар. Анын ордуна, алар патент ставкаларын 2 же 3 эсеге чейин же андан да ашык көтөрүүнү сунуштоодо. Алардын артында турган эң негизгиси, эсепке алуу жана ачык мамлекеттик көзөмөл болбошу керек. 1-июлда “Салык чек” лотореясы ойнотулат. Бүгүнкү күнгө 3,2 млрд сомдук чек сканерден өттү"-деди Министерлер кабинетинин төрагасы.

18:03 29.6.2022

Бөлтүрүк Орусияга салынган санкциялар “Кумтөргө” таасирин тийгизип жатканын айтты

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Орусияга салынган санкциялар “Кумтөр” кенин иштетүүгө терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. Бөлтүрүк парламентте маалымат берип жатып, логистика боюнча башка жолдор каралып жатканын маалымдады.

“Орусияга санкция киргенден бери, ачык айтканда логистика боюнча абдан кыйналып жатабыз. Биздин жолдорубуз Орусия аркылуу Европага кетчү. Ошондуктан азыр айла жок Иран менен иштеп жатабыз. Материалдын көбү Орусиядан келчү, ошондуктан альтернативдүү жолдорун башка мамлекеттен карап жатабыз”, - деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу АКШ, Европа баштаган өлкөлөр экономикалык санкцияларды күчөткөн.

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кениндеги карьердеги жарака жөнүндө дагы айтып, учурда иш жүрүп жатканын, июнь айына коюлган план толук аткарыларын белгиледи. Ал буга чейин быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирген болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG