Өлкөдөгү оппозиция жана укук коргоочулар бийликти бул маселеге көңүл бурууга жана УКМК жетекчилигинин жоопкерчилигин кароого чакырууда. Атайын кызматтын жетекчилиги болсо Казакпаевдин ишин айрым саясатчылар өз кызыкчылыгында колдонуп жатат деп айыптап чыкты. Кыргызстанда жабык жайлардагы адам укугунун абалы кандай? Соңку кырдаалга ким жоопкерчилик алыш керек? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкууладык. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Кундузбек Сулайманов, саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышты.