Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Милиция бала бакчада Каабанын макетин айланган окуяны иликтеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы бала бакчада балдардын Каабанын макетин айланып баскан окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-май күнү Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында болгон.

"Орозо айтка карата балдарга ажылык сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берген ачык саат уюштурулуп, Каабанын макетин айланып келме айтышкан учурду тарбиячы видеого тартып, ата-энелерге отчет иретинде жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.

Милиция “Сумая” орус тилдүү жана диний мекемелерге тиешеси жок бакча экенин белгиледи.

Буга чейин бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетин тегеренип жатканы тартылган видео социалдык тармакта тараган.

Кыргызстанда 2021-жылы бала бакчага барчу курактагы 400 миңдей бала бар экени айтылган. Өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Жети жашка чейинки балдардын 70 пайызы бала бакчаларга тартылган эмес. (МТа)

XS
SM
MD
LG