Тоолуу Бадахшандагы чыңалуунун өзөгү эмнеде?
Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусунда «антитеррордук операция» башталганын жарыялады. Ички иштер министрлиги 18-майда кабарлагандай, Рушан районунда өкмөттүк аскерлер менен Хорогго карай жолду бууганга аракет кылган жергиликтүү тургундар кагылыша кетти. Тоолуу Бадахшандагы чыңалуунун өзөгү эмнеде? Кыргызстан эмнени эске алышы керек? Бул теманы изилдеп келаткан кыргызстандык мурдагы дипломат Азат Эркебаев “Азаттыкка” маек курду.