Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

Жемкорлукту айтып чыккан айыл башчылардын баш коргоо чарасы каралууда


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айыпталган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин бөгөт чарасы облустук сотто каралууда. Учурда облустук соттун алдында элүүдөй киши чогулуп, бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну, тергөөнүн адилет өтүшүн талап кылып турат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна алардын адвокаты Асылбек Кунгуров билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Мурдагы айыл башчылары мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтып чыккандан кийин аларга карата мурда козголгон кылмыш иши кайра жанданган. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсү жарыяланды. Журналисттик иликтөөдө аталган айыл өкмөтүн мурдагы башчысы жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов айтып чыккан.

Адвокаттын айтымында, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Журналисттик иликтөөдөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Кармалган жергиликтүү жетекчилердин тарапташтары бир канча күндөн бери аларды бошотуу талабы менен митинг өткөрүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG