Эки жыл мурун бул айылга Улуу жана Кичи Памирден 80ден ашык кыргыздар көчүрүлгөн. Алар үчүн үй курулуп, жайгаштырылган.
Памирликтер менен Алай элин бириктирген Нооруз
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.

1
Нооруз памирликтер менен жергиликтүүлөрдү
бириктирген майрамга айланган.
бириктирген майрамга айланган.

2
Шарты катаал, кышы жети айга созулган айылда эч нерсе өспөйт. Марттын жыйырмасы
болсо да, Талды-Сууда калың кар кете элек.
болсо да, Талды-Сууда калың кар кете элек.

3
Айылдын кире беришинде памирлик кыргыздар үчүн 11 үй курулган. Азыр
мында 17 үй-бүлө жашап жатат.
мында 17 үй-бүлө жашап жатат.

4
Күмүшай Орозбек кызынын күйөөсү Алайдагы памирлик кыргыздардын ханы (башчысы).
Күмүшай кызы менен таң эрте суу ташып, майрамдык дасторконго даярдыкты баштады.
Күмүшай кызы менен таң эрте суу ташып, майрамдык дасторконго даярдыкты баштады.

5
Күмүшайдын келини Дөөлөт Ноорузга карата памирликтердин улуттук тамагы
каттамага камыр жайып жатат. Каттама - жука жайылган камырдын бетине,
астына май сүйкөп бышырылган нан.
каттамага камыр жайып жатат. Каттама - жука жайылган камырдын бетине,
астына май сүйкөп бышырылган нан.

6
Памирлик кыз-келиндер каттаманы казанда бышырып көнүшкөн. Кыргызстанга
келгенден бери алар тиричилик техникасын да өздөштүрүп жатышат.
келгенден бери алар тиричилик техникасын да өздөштүрүп жатышат.

7
Памирлик кыз-келиндер улуттук кийимдерин кийип, майрамдык салтанатка
жөнөштү. Алар кийиминде кызыл өңгө басым жасашат.
жөнөштү. Алар кийиминде кызыл өңгө басым жасашат.

8
Талды-Сууда 2000ден ашык калк жашайт. Жазды кеч тоскон айыл Нооруз
майрамына өзгөчө даярданат. Майрам айылдагы чакан маданият үйүндө өтөт.
майрамына өзгөчө даярданат. Майрам айылдагы чакан маданият үйүндө өтөт.

9
Айылдагы элечек кийген апалар айыл өкмөт башчысы Турусбек Таевди май токоч, сары
май менен тосуп алышты.
май менен тосуп алышты.

10
Талдысуулуктар Нооруздун урматына улуттук тамак-аш көргөзмөсүн
уюштурушту. Чакан залда тамак-аштын 60тан ашык түрү дасторконго
жайылды.
уюштурушту. Чакан залда тамак-аштын 60тан ашык түрү дасторконго
жайылды.

11
Эттен даярдалган улуттук тамактар. Нарын, күлазык, олобо, жөргөм, ташкордо, быжы, бешбармак, куурдак.

12
Актан даярдалган тамактар. Айран, сүт, каймак, сары май, сүзмө, курут, быштак, кымыз.

13
Дасторкондун жанында улуттук кийимчен апалар тамак-аштын жасалышы
жана тарыхы менен тааныштырып жатышат. Мисалы, күл азык мурун узак
сапарга, аӊ улоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалчу.
жана тарыхы менен тааныштырып жатышат. Мисалы, күл азык мурун узак
сапарга, аӊ улоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалчу.

14
Айылда дан өсүмдүктөрү катаал шартка байланыштуу өспөйт. Аялдар буудайды
базардан сатып алып келип, үйдө өндүрүп, түнү менен сүмөлөк бышырышкан.
Мал менен жан баккан айылга аптасына бир азык-түлүк сатып
келишет.
базардан сатып алып келип, үйдө өндүрүп, түнү менен сүмөлөк бышырышкан.
Мал менен жан баккан айылга аптасына бир азык-түлүк сатып
келишет.

15
Көргөзмөдөгү апалар.

16
Көргөзмөгө каттама алып келген Күмүшай Орозбек кызы неберелери менен.

17
Токчулук, дасторкон толо тамак-аш.

18
Дасторкондун көркүн ачкан патыр нан.

19
Дасторкондондогу дүйүм даамды айылдагы алты көчөнүн тургундары өз-
өзүнчө даярдашкан.
өзүнчө даярдашкан.

20
Бүгүн мыкты дасторкон үчүн көчөлөр арасында таймаш уюштурулду.