Эки жыл мурун бул айылга Улуу жана Кичи Памирден 80ден ашык кыргыздар көчүрүлгөн. Алар үчүн үй курулуп, жайгаштырылган.
Памирликтер менен Алай элин бириктирген Нооруз
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын шарты катаал, кышы узак.

21
Калыстар тобу таймаштын жеңүүчүсүн аныктай албай талашып-тартышып жатат. Алар катышуучулардын ар бири күн-түн дебей эмгектенип, майрамга мыкты даярданганын белгилешти.

22
Маданият үйүндө айылдык мектептин мугалимдери, окуучулары чакан концерт да уюштурду. Башка шаан-шөкөт, маданий жашоосу жок айылдыктар концертти көрүп, кубанып отурушат.

23
Кыргыз бийин бийлеген памирлик жеткинчектер.

24
Памирлик кыздар Кыргызстанга келгенден кийин мектепке бара башташкан. Бүгүн алар да курдаштары менен музыкалык номер даярдап, эл алдына чыгышты.

25
Концертке келген памирлик келиндер. Памирде алар Нооруз майрамын белгилешкен эмес. Ошондон улам маданий иш-чараны таң калуу менен карап отурушту.

26
Майрамда балдар да кубанып жатышат.

27
Айылдын байбичеси Алима Насирова жаздын келишин, токчулукту,
молчулукту тилеп отурат.
молчулукту тилеп отурат.

28
Калың карга карабай Ноорузду белгилегендер.