Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Кыргызстанга Орусиядан жана Беларустан күнүнө ондогон IT адис келип жатканы айтылды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Соңку күндөрү Кыргызстанга Орусиядан жана Беларустан маалыматтык технологиялар боюнча адистер көп келип жатканы тууралуу маселе бүгүн 10-мартта Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев бул өлкөлөрдөн келип жаткан программисттердин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калуу керек деген оюн айтты:

“Чоң кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат дейт. Бир жумадан бери бизге Орусиядан бүт IT адистер келип жатат. Бизде IT техно-парк бар. Ошол жактан бир имарат берип жайгаштырсак. Орусиядан жана Беларустан күнүнө ондогон IT адистер келип жатат Кыргызстан арзан, тынч, туруктуу өлкө деп”.

24-февралда Украинада согуш баштаганы үчүн Орусияга карата бир катар эл аралык уюмдар жана өлкөлөр санкция жарыялаган. Орусиянын улуттук акчасы рублдин куну улам төмөндөөдө.

Бишкекте жана Ошто соңку күндөрү орусиялык жарандар көп байкала баштаганы социалдык түйүндөрдө да айтылууда.

IT адистердин жумушунун негизги өзгөчөлүгү - алар интернет бар болсо каалаган жерге отуруп иштей беришет. (RK)

XS
SM
MD
LG