Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 17, 2026Мектепте китеп тартыш: Агартуу министрлиги менен "Учкундун" түшүндүрмөсү
-
Сентябрь 16, 2026"Үч уулум, үч неберем Сирияда өлдү". Камалдин карыянын кайгысы
-
Сентябрь 15, 2026Президент Жапаров кызматта туруп шайлоого аттанабы?
-
Сентябрь 14, 2026"75чилер иши": Ташиевдерге тагылган берене эмнеге алмашты?
-
Сентябрь 11, 2026"Эл көрсүн". Султанбеков президенттен ачык сот өткөрүүнү суранды
-
Сентябрь 09, 2026Абактагы Аскарбеков ишин адилет кароону өтүндү