Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59
Днепр. 2026-жылдын 2-июну.
Днепр. 2026-жылдын 2-июну.

Украинадагы түнкү чабуул: Тогуз өмүр кыйылды, ондогон адам жараат алды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:10 24.2.2022

Жогорку Кеңеште Украинадагы кыргыз жарандары тууралуу маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Өзүн Турдубек деп тааныштырган Киевдеги кыргызстандыктардын бири элчилик менен байланыша албай жатканын ырастады. Ал ушул тушта үй-бүлөсү менен шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын, бирок машиналардын тыгынына туш болуп калганын айтып берди.

Кыргызстандын Киевдеги консулу Эрмек Каныбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул өлкөдөгү ар бир кыргызстандык менен телефондон кабарлашып жатышканын Украинадагы соңку жагдай тууралуу маалымат берилгенин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн. Бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

13:51 24.2.2022

Украинадагы акыркы кырдаал

Украинадагы акыркы кырдаал

Мариуполдун көчөлөрүнүн биринде кудайга сыйынып жаткан аял. 24-февраль, 2022-жыл. 
1/21 Мариуполдун көчөлөрүнүн биринде кудайга сыйынып жаткан аял. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Мариуполго кирип бара жаткан танктар. 24-февраль, 2022-жыл. 
2/21 Мариуполго кирип бара жаткан танктар. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Киевден чыгып бара жаткан автоунаалар. 24-февралдын таңы. Украинадагы соңку кырдаалдан улам жолдо машиналардын узун тыгыны пайда болду.
3/21 Киевден чыгып бара жаткан автоунаалар. 24-февралдын таңы. Украинадагы соңку кырдаалдан улам жолдо машиналардын узун тыгыны пайда болду.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Үйүн таштап кетип бара жаткан Мариупол шаарынын тургуну. 24-февраль, 2022-жыл.
4/21 Үйүн таштап кетип бара жаткан Мариупол шаарынын тургуну. 24-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Киевдеги Днепр дарыясына жакын аймактагы аткылоодон чыккан жалын. 24-февраль, 2022-жыл. 
<pre data-placeholder="Котормо" dir="ltr">

&nbsp;</pre>
5/21 Киевдеги Днепр дарыясына жакын аймактагы аткылоодон чыккан жалын. 24-февраль, 2022-жыл. 

 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Күйүүчү май куюш үчүн кезек күткөн автоунаалар. Киев шаары, 24-февраль, 2022-жыл.
6/21 Күйүүчү май куюш үчүн кезек күткөн автоунаалар. Киев шаары, 24-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
24-февралдын таңындагы Киевдин көрүнүшү.
7/21 24-февралдын таңындагы Киевдин көрүнүшү.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;
8/21 Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдиргенден кийин метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;
9/21 Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдиргенден кийин метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;
10/21 Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Украинадан чыгып кетүүнү каалаган жарандар Киев аэропортунун жанында турушат. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;<br />
<br />
Өлкөнүн аба кыймылын тейлеген &quot;Украэрорух&quot; мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.
11/21 Украинадан чыгып кетүүнү каалаган жарандар Киев аэропортунун жанында турушат. 24-февраль, 2022-жыл. 

Өлкөнүн аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;
12/21 Метродо баш калкалоо үчүн келген жарандар. Киев шаары. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Киев шаарынын көчөлөрүнүн биринде турган жарандар. 24-февралдын таңы.
13/21 Киев шаарынын көчөлөрүнүн биринде турган жарандар. 24-февралдын таңы.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Украинанын армиясынын жоокерлери.&nbsp;Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл.
14/21 Украинанын армиясынын жоокерлери. Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Донецк шаарынын көчөлөрүндөгү&nbsp;жикчилдердин аскер техникалары. 24-февраль, 2022-жыл.
15/21 Донецк шаарынын көчөлөрүндөгү жикчилдердин аскер техникалары. 24-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Украиналык жоокерлер. Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.​
16/21 Украиналык жоокерлер. Мариупол шаары. 24-февраль, 2022-жыл. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.​
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл.&nbsp;
17/21 Мариупол шаарынын аэропортунун жанындагы аскердик базадан чыгып жаткан түтүн. 24-февраль, 2022-жыл. 
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Чугуев аскердик аэропортунан чыгып жаткан кара түтүн. 24-февраль, 2022-жыл.
18/21 Чугуев аскердик аэропортунан чыгып жаткан кара түтүн. 24-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Киевдин борборундагы Эркиндик аянтынан өтүп бараткан аскер техникалары. Шаарда сирена жаңырды.
19/21 Киевдин борборундагы Эркиндик аянтынан өтүп бараткан аскер техникалары. Шаарда сирена жаңырды.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Мариуполдук Александр Бажанов Украина менен Польшанын чек арасында баратат.
20/21 Мариуполдук Александр Бажанов Украина менен Польшанын чек арасында баратат.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Украинанын Чугуев шаарындагы көп кабаттуу имарат бомбалоодон кийин. Владимир Путин Донбасста аскердик операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алганын 24-февралда таңга маал билдирген.
21/21 Украинанын Чугуев шаарындагы көп кабаттуу имарат бомбалоодон кийин. Владимир Путин Донбасста аскердик операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алганын 24-февралда таңга маал билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.
Артка
Алдыга

13:52 24.2.2022

13:59 24.2.2022

ТИМ кыргызстандык жарандарды Украинага барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кыргызстандык жарандарга кайрылып, бул өлкөгө барбай турууга чакырды. Украинадагы кыргызстандыктар жергиликтүү мыйзамдарды сактап, жеке коопсуздугу үчүн керектүү чаралардын баарын көрүшү керектигин эскертти.

ТИМдин Консулдук кызматында жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде тынымсыз ыкчам байланыш уюштурулганын кабарлады.

"Элчилик Украинанын аймагындагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат", деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн. Бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG