Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 12-октябрда Орусияга каршы санкциялардын 22-пакетин бекитишти. Жаңы чектөөлөр болжол менен 1600 жеке адамга жана юридикалык жактарга, негизинен курал-жарак өндүрүүгө байланыштуу адамдарга багытталган. Бул тууралуу биримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас билдирди.
Анын айтымында, бул Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки Европа Биримдигинин эң ири санкциялык тизмеси болуп эсептелет. Тизмеге жаңы киргизилгендердин жарымынан көбү баллистикалык ракеталарды өндүрүү менен байланышкан.
"Биз Орусиянын украиналыктарды өлтүрүүдө колдонгон курал-жарактарды өндүрүүсүн кыйла татаалдаштырып, жайлатып жана кымбаттатып жатабыз", - деп жазды Каллас.
Чектөөлөр баллистикалык ракеталарды, анын ичинде "Искандер-М" системасы үчүн ракеталарды иштеп чыгуу, сыноо жана өндүрүү менен алектенген ишканаларга тиешелүү. Алардын катарына ракета майын, кыймылдаткычтарды, атайын текстилди, ошондой эле синтетикалык жана карбон булаларын өндүрүүчүлөр кирет.
Санкциялык тизмеге учкучсуз учак өндүрүү, суу астындагы кемелерди тейлөөчү кеме куруу ишканалары киргизилген.
Мындан тышкары, чектөөлөр Орусиянын армиясы басып алган Украинанын аймактарында Мамлекеттик Думага шайлоо өткөрүүгө катышкан 77 адамга, ошондой эле Орусиянын аскердик ишмердүүлүгү менен байланышы бар Түндүк Кореянын жети жеке жана юридикалык жактарга да тиешелүү.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда "энергетикалык элдешүү" күчүнө киргенин жарыялады. Анын Truth Social социалдык тармагына жазганына караганда, "эки тарап тең буга макул болушту".
"Муну бузбагыла!" — деп кошумчалады Трамп.
"Энергетикалык элдешүүнүн" чоо-жайы айтылган жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Axios басылмасына Трамптын энергетикалык тынчтык келишими тууралуу билдирүүсү ал үчүн жаңылык болгонун, бирок эгер мындай келишим эки тараптуу болсо, Украина аны кубаттай турганын айтты.
"Эгер президент Трамп бул боюнча Путин менен макулдашууга жетишкен болсо, анда ок атышууну токтотуу качан башталарын бизге айтып коюшун суранам. Биз даярбыз жана аны кабыл алабыз", - деди Зеленский.
Ал өзүнүн Телеграм каналына Трамптын билдирүүсүнөн кийин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте, Финляндиянын президенти Александр Стуб жана Канаданын премьер-министри Марк Карни менен сүйлөшкөнүн жазды. Зеленский аларга Украина ок атышууну токтотууну колдой турганын, Орусия дагы аны колдоосу маанилүү экенин билдирген.
"Биз америкалык тараптан кененирээк маалымат күтүп жатабыз. Биз, украиналык тарап чыңалууну басаңдатууга, адам өмүрүн сактоого, ошондой эле согушту токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чечимдерге багытталган кадамдарды ар дайым колдойбуз", - деп жазды ал.
Москва азырынча комментарий бере элек.
Билдирүү АКШ менен Орусия президенттеринин ортосундагы дизел менен камсыздоо боюнча макулдашуулардын, ошондой эле Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленскийге карата айткан кескин сынынын фонунда жасалды. Трамптын айтымында, Зеленский АКШнын тиешелүү өтүнүчтөрүнө карабастан, Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго сокку урууну улантууда.
Бул Дональд Трамптын өз ара ортомчулугу менен Орусия жана Украинанын ортосунда энергетикалык тынчтык келишимине жетишилгенин жарыялаган биринчи учуру эмес. Ал 14-сентябрда өзүнүн Truth социалдык тармагындагы баракчасында Орусия менен Украина бири-биринин аймагындагы энергетикалык объектилерге сокку урбоону макулдашканын жазган. Ал кезде да Украина менен Орусиянын ортосунда эч кандай расмий келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат чыккан эмес жана энергетикалык инфраструктурага өз ара сокку уруулар уланган.
22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясынын алкагында Трамп менен жолуккандан кийин, Владимир Зеленский эгер Москва Украинанын энергетикалык тармагына чабуулдарды токтотсо, Украина да Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына соккуларды токтотууга даяр экенин билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков энергетикалык тармактагы тынчтык келишими тууралуу демилгени "жакшы" деп атаганы менен, Москва жөн гана тынчтык келишимин эмес, "туруктуу жана биздин кызыкчылыктарыбызга толугу менен шайкеш келген жөнгө салууну" жактай турганын белгилеген.
Орусиянын аскерлери Харьковдун Немышлянск районундагы жеке турак жайлар жайгашкан аймакка авиабомбалар менен сокку урду. Шаар башчысы Игорь Тереховдун маалыматына караганда, 35 жаштагы аял урандылардын алдынан чыгарылган, бирок алган жаракаттарынан улам каза болду.
Дагы 10 адам жаракат алды. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, жабыркагандардын арасында жети жаштагы бала да бар.
Соккудан 30дан ашуун имарат жана 11 автоунаага зыян келтирилди.
Кечкисин Орусия Харьковго кайрадан сокку урду. Бул жолу шаар четиндеги азык-түлүк дүкөнү бутага алынган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм, 19 жаштагы кыз жана 51 жаштагы аял каза болду. Дагы 22 адам жаракат алды, алардын арасында эки бала бар. Сокку болгон жерде өрт чыгып, беш автоунаа күйүп кеткенин Синегубов билдирди.
Ошондой эле Орусия Харьковдогу ЖЭБ-5ке сокку урду. Бул АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина "энергетикалык элдешүүгө" жетишкенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.
Ивано-Франковск шаарында Орусиянын дрондорунун соккусунан үч аскер каза болуп, дагы үч адам жаракат алды. Бул тууралуу шаардын мэри Руслан Марцинков билдирди. Мындан тышкары көп кабаттуу турак үйлөр жана коммерциялык жайлар зыян тартты.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, акыркы бир жуманын ичинде Орусиянын аскерлери электр энергиясын өндүрүү жана берүү объектилерине 200дөн ашуун сокку урган. Мындан тышкары газ жана мунай объектилерине дагы 17 жолу чабуул болгон.
Украиналык учкучсуз учактар 11-октябрга караган түнү Орусиядагы "Яндекстин" катары менен үчүнчү дата-борборуна — бул ирет Владимир облусундагы объектисине чабуул коюшту. Бул тууралуу компания өзү билдирди.
Дата-борбордун инфраструктурасы зыян тартып, иши толугу менен токтотулду. Ал эми Yandex Cloud булуттук платформасы авариялык режимде иштеп жатат. Бирок компания анын эки зонасы иштебей турганын тактады.
Калган платформалардын иши "туруксуз" экенин белгиледи.
Дата-борбордун ишиндеги үзгүлтүк Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Сибирде "Яндекстин" такси, төлөмдөр, тамак-ашка буйрутма берүү кызматтары иштебей калышына алып келгенин "Осторожно, новости" басылмасы жазды.
Анын маалыматына караганда, курьерлер, айдоочулар жана колдоо кызматы үчүн "Яндекстин" ички тиркемелери да иштебей калган.
Колдонуучулар белгилегендей, Москва, Петербург, Ростов-на-Дону, Орусиянын Азия бөлүгүндөгү шаарларда такси чакырууга мүмкүн болбой жатат. "Яндекс Go" иштеген чет өлкөлөрдө, анын ичинде Сербияда, Арменияда жана Казакстанда да тиркеме туура иштебей жатканы байкалган.
Ошондой эле Орусиянын "ВетИС" мамлекеттик ветеринардык системасы да иштебей калды.
Владимир облусунун губернатору Александр Авдеевдин билдирүүсү боюнча чабуулдун кесепетинен 5 миң жашоочуну электр энергиясы менен камсыз кылган эки көмөк чордон да өчүп калган. Чабуул болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары эвакуацияланган. Авдеев кийинчерээк 80% абоненттерге жарык кайра берилгенин тактаган.
8-октябрга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү адегенде Рязань облусунун Сасово шаарындагы "Яндекс" компаниясынын дата-борборуна чабуул койгон. Ал жайдан өрт чыгып, борбор ишин толугу менен токтоткон.
9-октябрга караган түнү дрондор Калугадагы дагы бир дата-борборго сокку уруп, инфраструктуранын бир бөлүгү жабыркаган. Бул окуялардан кийин миңдеген колдонуучулар "РЖД", "ЦИАН" кыймылсыз мүлк порталынын, "Пятерочка", "Лента" жана "Магнит" супермаркеттеринин сайттарына кире албай жатканына даттанышкан. Ошондой эле Т-Банк, Альфа-банк, Совкомбанк сервистери, "Авито" кулактандыруулар порталы, Google, YouTube, Рутуб жана бир катар башка сервистер да иштебей калган.