Орусиянын соңку чабуулдарынан Украинада кечээтен бери кеминде 54 адам каза болуп, 74 адам жараат алды. Курмандыктардын көбү Донецк облусундагы Краматорск шаарында жана Чернигов облусундагы Прилуки шаарында.
Донецк облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, Краматорскидеги чабуулдан каза болгондордун саны 30 адамга, жараат алгандар 18 адамга жетти. Мекеменин билдиришинче, орус аскерлери 8-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында шаарга УМПБ Д-30СН пландоочу бомбасы менен сокку урду.
Чабуул маалында жүргүнчү ташуучу эки автобус соккунун очогунда калган.
Чернигов облусундагы Прилуки шаарында 7-октябрда көп кабаттуу үйгө урулган соккудан кийин издөө-куткаруу иштери түнү бою уланды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 8-октябрдын таңына карата 22 адамдын каза болгону аныкталды. Алардын арасында беш бала бар. Дагы 54 адам жараат алган, анын ичинде жети бала бар.
Куткаруучулар урандылардын алдынан 15 адамды, арасында бир баланы аман алып чыгышкан. Учурда кыйраган конструкцияларды тазалоо иштери уланууда.
Киевде да дрон чабуулу катталды. Шаардын Соломенский районунда учкучсуз аппарат төрт кабаттуу дүкөнгө тийип, өрт чыккан. Киев мэри Виталий Кличконун маалыматы боюнча, кеминде эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды.
Мындан тышкары, дрондор Киев облусуна да чабуул жасап, Буча районундагы логистикалык объектилердин биринде өрт чыккан.
Украиналык мониторинг жүргүзүүчү Exilenova+ жана Supernova+ Telegram-каналдары Орусиянын Рязан облусундагы "Яндекс ДЦ" борборуна жана Башкырстандагы "Газпром нефтехим Салават" мунай иштетүүчү заводуна чабуул болгонун билдиришти.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, өрт "Саста" станок куруучу заводунун аймагында чыккан. Бул аймакта Яндекстин дата-борбору да жайгашкан. Яндекс компаниясы Yandex Cloud платформа аймактарынын биринде электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын жана анын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Кийинчерээк компания Сасоводогу дата-борбордо "инфратүзүмгө таасир эткен окуя" болгонун ырастаган.
"Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жабыркагандар жок. Команда окуянын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган сервистердин ишин калыбына келтирүү боюнча иштеп жатат", - деп билдирген компания РБК басылмасына.
Чабуулдан кийин Яндекстин айрым сервистеринин иши үзгүлтүккө учураган. "Дождь" телеканалы Рунеттеги айрым башка сайттар, анын ичинде автопостинг үчүн Postmypost платформасы жана "Комсомольская правда" басылмасынын аймактык версиясы да жеткиликсиз болуп калганын байкаган.
Ал эми Башкырстандагы өрттүн видеолорун изилдеген Astra өрт "Газпром нефтехим Салават" мунай иштетүүчү заводунун аймагында чыккан болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Бул Орусиядагы ири мунай иштетүүчү жана мунай-химиялык комплекстердин бири. Буга чейин ишкана украиналык чабуулдарга бир нече жолу кабылып, анын айынан ишин убактылуу токтоткон. Ишкана Украина менен чек арадан болжол менен 1400 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Exilenova+ жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Стерлитамак шаарында да жардыруулардын үнү угулганын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Липецк, Орёл, Оренбург, Пенза, Ростов, Рязан, Самара, Саратов, Смоленск, Тамбов, Тула жана Ульянов облустарынын, Москва аймагынын, Башкырстандын, аннексияланган Крымдын, Татарстандын аймагында жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 399 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Орусиянын Чернигов облусундагы Прилуки шаарына соккусунун кесепетинен каза болгондор 20га жетти. Алардын бешөө балдар.
ӨКМдин маалыматы боюнча, 55 адам жаракат алган, алардын арасында жети бала бар.
Беш кабаттуу турак үйдүн урандылары алдында издөө-куткаруу иштери уланууда.
7-октябрга караган түнү Орусия Украина аймагына баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт чабуул жасады. Соккулар Киев, Днепр, Запорожье, Кременчуг жана Прилуки шаарларына тийип, бир нече адамдын өмүрүн алды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын маалыматына караганда, чабуулдан борбор калаанын Оболон, Шевченко жана Подол райондорундагы имараттар жабыркады. Оболон жана Шевченко райондорунда турак эмес объектилер зыян тартса, Подол районунда кампалар бузулган.
Кийинчерээк Дарница районунда ракеталардын сыныктары ачык аянтка жана гараж кооперативинин аймагына түшкөнү кабарланды. Соккунун кесепетинен эки адам каза болду.
Днепр шаарында сокку өнөр жай ишканасына тийген. Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын айтымында, жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда. Ошол эле учурда аймакта коркунуч сакталып жатканын билдирди.
Запорожьеде транспорттук инфраструктура объектиси бутага алынды. Облустук аскердик администрациянын жетекчиси Михаил Семикин айрым жол тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелиши мүмкүн экенин эскертти.
Полтава облусундагы Кременчуг шаарында ракета турак жай жайгашкан аймакка түшкөн. Натыйжада көп кабаттуу үйлөр жабыркап, эки адам каза болду. Дагы жети киши жаракат алды. Мындан сырткары Кременчуг районундагы ишканалардын бири дагы соккуга дуушар болгон.
Эртең менен Орусиянын аскерлери Чернигов облусундагы Прилуки шаарына да ракеталык чабуул жасаган. Облустук администрациянын башчысы Вячеслав Чаустун маалыматына караганда, ракета көп кабаттуу турак жайга тийген. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы баштапкы маалымат боюнча төрт адам каза болуп, дагы 20 адам жаракат алганын билдирди. Жабыркагандардын арасында үч бала бар.
Жапырт чабуулдун фонунда Польша аба мейкиндигин көзөмөлдөөнү күчөтүп, аскердик авиациясын асманга көтөрдү. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы абадан коргонуу жана радиолокациялык көзөмөл каражаттары да жогорку даярдыкка келтирилгенин билдирди. Варшава бул чаралар Польшага чектеш аймактардагы аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлгөнүн кабарлады.