Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл

Киевде ракета чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, жарык өчтү

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:06 29.9.2026

29-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге кайрадан ракета жана учкучсуз учактар менен сокку урду. Украинанын бийлиги билдиргендей, баллистикалык ракетанын сыныктары турак үйдүн жанына түшүп, дрондордун бири жолдун жүрүүчү бөлүгүнө кулаган.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Соломенка районунда ракетанын сыныктары көп кабаттуу үйдүн короосуна түшкөн. Алгач өрт катталбаганы айтылганы менен кийинчерээк жакын жердеги окуу жайдын имараттарынын биринде өрт чыккан.

Ошондой эле Печерск районунда үч кабаттуу турак эмес имараттан өрт чыкканы кабарланды. Киев шаардык аскердик администрациясы дрондордун бири жолдун жүрүүчү бөлүгүнө кулаганын маалымдады.

Голосеев районунда болсо учкучсуз учактын сыныктары беш кабаттуу үйдүн чатырына түшүп, өрт чыккан.

Киев облусунун Буча районунда дагы дрон чабуулунун кесепетинен жеке турак үй жана коңшу үйдүн чатыры өрттөнгөн. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, өрт 300 чарчы метрден ашык аянтты каптаган. Куткаруучулар өрттү өчүрүүгө жетишип калган. Чабуулдан жабыркаган эки адам ооруканага жеткирилди.

Түнкү соккулар 28-сентябрда күндүз Киевдин борборуна жасалган чабуулдардын уландысы болду. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, ошол күнү болгон чабуулдардан эки киши каза болуп, дагы 26 адам жараат алган. Алардын сегизи ооруканага жаткырылган. Биринин абалы оор деп бааланууда.

Каза болгондордун экөө тең украин Улуттук илимдер академиясынын имаратына урулган дрон чабуулунун курмандыгы болгон. Соккудан кийин ири өрт чыгып, имараттагы адамдардын айрымдары терезелер аркылуу сыртка чыгууга аргасыз болгон.

28-сентябрдагы дагы бир сокку Киевдеги "Добробут" медициналык борборунун имаратына тийген. Украин бийлиги Орусиянын соңку чабуулдарында жарандык объектилер бутага алынганын билдирүүдө.

Орусия бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

17:10 28.9.2026

Татарстандын башчысы Рустам Миннаханов "Борбор" ("Центр") жана "Түндүк" ("Север") аскер топторунун мурдагы командири Александр Лапин республиканын вице-премьер-министри болорун билдирди. Бул тууралуу Миннаханов Мамлекеттик кеңештеги жылдык кайрылуусунда билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Лапин "атайын аскердик операциянын" катышуучуларына колдоо көрсөтүүнү көзөмөлдөйт (орус бийликтери Украинага толук масштабдуу бастырып кирип, согуш ачканын ушинтип атайт). Бул үчүн Татарстан өкмөтүнүн курамында өзүнчө ушундай бөлүм түзүлдү.

Лапин запастагы генерал-полковник, ар кайсыл жылдарда Сириядагы аскердик топтун штаб башчысы, "Борбор" жана "Түндүк" топторунун командири болуп иштеген. 2022-жылдын күзүндө ал Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров жана ошол учурда "Вагнер" аскердик тобун жетектеген Евгений Пригожин менен жаңжалдашкан. Алар Лиман шаарын алдырганы үчүн Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинди түздөн-түз күнөөлөшкөн. Көп өтпөй октябрда генерал-полковник Лапин кызматынан четтетилген.

2026-жылдын июнь айында украин соту Лапинди Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу, ошондой эле агрессивдүү согушка даярдануу жана жүргүзүү деген айыптар менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Лапин Беларус менен Орусиядан Сумы, Чернигов, Киев облустарына, ошондой эле Киевге сокку урууда орус армиясынын башында турган.

"2022-жылдын февраль-март айларында бул генерал формалдуу "кагаз жүзүндө" эле командир болгон эмес. Ал түздөн-түз басып алууну уюштуруп, ага баш ийген бөлүктөрдүн аракеттерин пландап, координациялап, буйруктарды чыгарып, аскердик аракеттерди уланышын камсыз кылган", - деп айтылат Украинанын Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Украин тарап орус армиясы баш калаа Киевди, мамлекеттик бийлик органдарын, аскер башкармалыктарын басып алып, өз көзөмөлүнө алууну максат кылганын белгилеген.

13:07 28.9.2026

Орусиянын аскерлери 28-сентябрга караган түнү Харьковдун Салтов районундагы көп кабаттуу турак жайга сокку урду. Бул тууралуу шаардын мэри Игорь Терехов билдирди.

Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматына караганда, 25 адам жаракат алды. Алардын тогузу балдар. Үч бала ооруканага жаткырылган.

Үйдүн бир подъезди толугу менен кыйрап калган. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Шаардын Киев районунда дагы 10 жеке үй жабыркады.

"Акыркы убактарда мындай күчтүү сокку биринчи жолу болду. Бул КАБ же "Бандероль" ракетасыбы, азыр тактап жатабыз", – деди Терехов.

Киев шаарында төрт адам жабыркады. Мэр Виталий Кличконун айтымында, Подольск районунда үч киши жаракат алып, алардын арасында 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Оболонь районунда чабуулдан кийин май куюучу жайдын аймагында өрт чыккан. Шевченков районунда дрон кеңсе имаратына тийген. Голосеев районунда учкучсуз учак май куюучу жайдын жанындагы кафеге тийген. Дарница районунда дрондун сыныктарынан ачык аймакта өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча, Голосеев районундагы эки кабаттуу жеке турак жайга урулган соккудан дагы бир адам жабыркаган.

Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер облустун түштүк бөлүгүндө эки киши жабыркаганын билдирди.

Анын айтымында, орусиялык аскерлер турак жай секторуна сокку урган. Натыйжада жети жеке үйдүн фасады, чатырлары жана айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундардын автоунаалары жабыркаган. Ошондой эле түн ичинде бош турган кампага чабуул жасалган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде "Укртелекомдун" маалыматтарды иштетүү борбору, "ДримЛайн" компаниясынын маалымат борбору жана күйүүчү май инфраструктурасы бутага алынганын билдирди. Ошондой эле Киев облусунда Васильков аэродромунун объектилери, Одессада "Новая почтанын" логистикалык борбору, Черноморск портунда жүк ташуучу кеме, Измаил портунда "Дунайсудосервис" заводунун инфраструктурасы жана Одесса портуна багыт алган кеме бутага алынганы айтылды.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия Украинага каршы 165 сокку уруучу учкучсуз учак учурган. Алардын 112си атып түшүрүлгөн.

11:19 28.9.2026

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-сентябрда Киевде Орусиянын дрон соккусунан эки бала бакча, эки мектеп, турак үй, унаа оңдоочу жай, бир нече кампа жана байланыш объектилери жабыркаганын билдирди.

Анын маалыматына караганда, Сауд Арабиясынын элчиси резиденция катары пайдаланган үйгө да сокку урулган.

Зеленскийдин айтымында, Орусиянын соккуларынан каза болгондор бар, ондогон киши жараат алды.

Президент Орусия сүйлөшүүлөргө даярданбай жатканын "Шахеддердин" чабуулдары айгинелеп жатканын айтты. АКШда "тозоктой санкциялар" жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганын белгилеп, жаңы чектөөлөр даярдалып жатканын кошумчалады.

"Жаңы санкциялык пакеттер даярдалууда. Анын ичинде каржы булактарына, Орусиянын курал-жарагын өндүрүү үчүн керектелген компоненттерди жана жабдууларды жеткирүү схемаларына, ошондой эле айрым ишканаларга жана адамдарга, биринчи кезекте Орусиянын баллистикалык куралдарын өндүрүүгө тартылгандарга каршы чаралар болот", - деп жазды Зеленский.

27-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинага 170 дрон менен чабуул койгон.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG