Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл

"Жетишет!" Зеленский Орусиянын мунай заводдоруна соккулар жанданганын айтты

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:06 14.9.2026

Украинанын дрондору 14-сентябрга караган түнү Орусиянын Краснодар крайы менен Ростов облусуна сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Telegram каналдар кабарлашты.

Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Сочи менен Дагомыста жарылуулар болгонун жазышты. Сочинин мэри Андрей Прошунин түн ичинде дрон коркунучу тууралуу билдирген. Supernova+ жана "Крымский ветер" каналдарынын маалыматына караганда, Дагомыста С-400 зениттик-ракеталык комплекси бутага алынган.

Краснодар крайынын ыкчам штабы билдиргендей, Сочиде дрондун сыныктары кулап, беш адам жабыркаган. Алардын бири бала. Бир киши ооруканага жеткирилсе, калгандарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле үч жер там жабыркап, дрондордун сыныктары дагы бир нече жерге, анын ичинде ээн имараттын, тоннелдин жана жеке үйдүн короосуна түшкөн.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймактын үстүндө болжол менен 50 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Аксай районунда дрон курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 18-кабатына кулаган. Ростов шаарындагы Киров районунда бир автоунаага зыян келтирилген. Каменск районунда эки батирдин терезелери сынган. Неклинов районунда автоунааларга, жер үйлөрдүн терезелерине жана чатырларына зыян келген. Мясников районунда электр линиясы үзүлүп, 30 үй электр жарыгысыз калган. Жабыркагандар болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Ростов жана Смоленск облустарынын, аннексияланган Крымдын, Краснодар крайынын аймагында жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 399 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

11:56 14.9.2026

Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украинанын Польша менен чек арасына жакын жердеги Орусиянын соккуларына байланыштуу министрлер менен күч түзүмдөрүнүн башчыларын чукул жыйынга чогултту.

Бул тууралуу TVN24 кабарлады.

"Биз күткөндөй эле жана буга чейин бир нече жолу айтканымдай эле Орусия тараптан жаңжалды ырбатуу аракети чындыкка айланып баратат, анын мисалдары биздин чек арага улам жакындоодо", – деди Туск.

Анын билдирүүсүндө, жакынкы жумаларда жана апталарда Орусия тарап активдешүүсү ыктымал, мындай чыңалуу Польшанын аймагын айланып өтпөйт. Ошондуктан "Польша өнөктөштөрү менен бирге зарыл болгон учурда биргелешкен жооп кайтарууга даяр болушу керек".

13-сентябрда Орусиянын дрону поляк-украин чек арасына жакын жерде Киев-Варшава багытындагы поездди аткылаган. Учкучсуз аппарат Орусия Украинага негизсиз бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери чет мамлекеттердин башчылары Киевге барган темир жол линиясына сокку урган.

Орусиянын чабуулуна байланыштуу поляк күчтөрү истребителдерди абага көтөргөн, коопсуздук органдары чек арага жакын аймактардын жашоочуларын эскертүү тараткан.

20:59 13.9.2026

Аймактык маселе Украинада тынчтыкка жетүүнүн эң татаал бөлүгү бойдон калууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер билдирди.

“Ортомчу катары биздин милдетибиз – Украинанын кызыкчылыгын бузбай тургандай жаратман чечимдерди табуу”, - деди Кушнер YES Annual Meeting 2026 форумуна видео байланыш аркылуу катышкан учурда. Ал форумдун негиздөөчүсү, украиналык ишкер Виктор Пинчуктун суроосуна жооп берген.

“Президент Путин ал эмнени каалап жатканын тууралуу өз позициясын билдирди. Эгер Украина буга макул болгондо, биз келишимдин калган пункттары боюнча эчак эле макулдашмакпыз. Бирок Украина азыр аны каалабайт”, - деди Кушнер. Анын айтымында, акыркы тогуз айда АКШ Орусия жана Украина менен аймактык маселелерди эске албаганда сүйлөшүүлөрдүн башка бөлүгү боюнча алдыга жылды.

Орусия аннексияланган төрт аймакты, ошондой эле Крым менен Севастополду өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Былтыр 15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушкан. Путин согушту токтотуу үчүн Киев Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышкан.

Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек эле.

Украин бийликтери согушту ушул абалда токтото турууга макул, бирок аймактардын Орусияга берилишине каршы, ошондой эле Москва басып алган аймактарга орус суверенитетин таануудан баш тартууда.

Кушнердин айтымында, АКШ администрациясы тараптарды экономикалык стимулдардын негизинде согушту токтотууга көндүрө алат деп ишенет.

“Эки өлкө тең согуш бүткөндөн кийин инвестиция тартууну, жумуш орундарын түзүп, айлык маяналарды көтөрүүнү жана абалды жакшыртууну ойлонушу керек. Бул коомду тынчтык процесстерге тартып, коопсуздуктун эң мыкты кепилдиги боло алат. Бул биздин артыкчылыктуу багытыбыз, эгер биз бул жакка тынчтыкты орното алсак, эки өлкөнүн тең мүмкүнчүлүгү ачылат”, - деди ал.

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер 5-6-сентябрда Киевде Владимир Зеленский менен кезиккен. Ага чейин америкалык делегация Москвада Владимир Путин менен үч сааттан ашык сүйлөшкөн. Уиткофф эки баш калаадагы сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонун айтты. Бирок согушту токтотуу боюнча негизги талаштар, анын ичинде Донбасстын тагдыры чечиле элек.

15:36 13.9.2026

Орус армиясы 13-сентябрга караган түнү жана жекшемби күнү эртең менен Украинанын батыш облустарына жапырт сокку урду. Одесса жана Одесса облусу дагы чабуулга кабылды.

Украинанын Аба күчтөрү Орусия демейдегиден көп, 450 дрон учурганын билдирди. Эртең менен дагы чабуулдар токтогон жок. Польшанын чыгыш аймактарында айгай жаңырды. Бирок аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалымат айтылган жок. Румыниянын бийлиги дрон өлкө аймагына учуп киргенин билдирди.

Хмельницк облусунда орус армиясынын соккусунан аты аталбаган өнөр жай ишканасында өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.

Украиналык ЖМКлардын жазганына караганда, Ивано-Франковск, Тернополь и Львов облустары соккуга кабылды. Львовдо Польшага жакын жерде жайгашкан май куюучу жайга чабуул жасалды. Өлкөнүн батышында темир жол дагы чабуулга кабылды.

Одессада дрон чабуулунан кийинки зыян тарткан үйлөрдүн сүрөттөрү жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 9 киши жаараат алды.

Одессада 12-сентябрда 25 кабаттуу үйгө дрон тийип, куткаруу иштери аяктаган. Анда 2 киши каза болуп, 20сы жараат алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү «аскер багытындагы жүктөрдү бөлүштүргөн логистикалык боорборлорго, энергетикалык объектилерге» сокку урулганын билдирди.

Аталган мекеме Украинанын батышындагы темир жолго дагы сокку урулганын кабаралады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG