Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл

"Жетишет!" Зеленский Орусиянын мунай заводдоруна соккулар жанданганын айтты

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:18 3.9.2026

Орусиянын армиясы 3-сентябрга оогон түнү Украинанын Одесса шаарын кайра аткылап, 17 киши жабыркады, анын үчөө балдар.

Бул тууралуу Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, сокку 21 кабаттуу турак жайга тийип, анын 10-кабатынан 17-кабатына чейин 20 батирге, жакын токтотулган ондон ашык машинеге зыян келтирилди.

Чабуулдун кесепеттерин жоюу иши уланууда. Жеринде коммуналдык жана башка тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Мындан тышкары Черкассы облусунун Золотоношск районунда Орусиянын соккусунан электр линиялары, күн панелдери зыян тартканын облустун жетекчиси Игорь Табурец маалымдады.

Бориспол районунда осколкадан бир киши жараат алды. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдирүүсүндө, кампага, административдик имарат жана дүкөнгө зыян келтирилди. Чабуулдун кесепети такталууда.

Запорожье облусунда бейшемби эртең менен орус армиясынын дрону Биленьке кыштагында жарандык автоунаага тийип, анын ичиндеги киши каза тапты, экинчиси жараат алганын облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров кабарлады.

14:17 3.9.2026
Зеленский Орусиянын асманында дрон көбөйөрүн эскертти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00
15:07 2.9.2026

2-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Чабуулдан кеминде сегиз киши, анын ичинде бир бала жараат алганын шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Анын маалыматына караганда, соккудан 24 кабаттуу турак үй жабыркап, бир нече батир талкаланды. Жанындагы үйлөрдүн терезелери сынып, автоунаалар зыян тартты. Мындан тышкары кеңсе имараттары жана эки билим берүү мекемеси да зыянга учурады.

Одесса шаарынын расмий Telegram каналы Киев районундагы 13 турак жайга зыян келгенин билдирди. Жалпысынан 600дөн ашык терезе талкаланганы, Приморье районунда эки лицейдин жана кеңселердин имараттары да жабыркаганы айтылды.

Окуя болгон жерлерде куткаруучулар жана коммуналдык кызматтар иштеп жатат. Энергетиктер электр жабдууларын калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө. Чабуулдан кийин шаарда электр транспорту убактылуу токтогону маалымдалды.

Орусиянын түнкү чабуулдарынан Киев облусу да жабыркады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Буча районундагы Вишневое шаарчасында эки таунхаустун конструкциялары талкаланып, өрт чыкканын билдирди. Кийинчерээк өрт өчүрүлгөн.

Куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантууда. Баштапкы маалымат боюнча каза болгондор жок. Жабыркагандардын саны такталууда. Reuters агенттиги күбөлөргө таянып Киев шаарында дагы жарылуу угулганын жазды.

Ал арада Орусиянын Пермь аймагындагы Новые Ляды конушунда жайгашкан “Протон-ПМ” ишканасынын цехтеринин биринде ири өрт чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жана украиналык мониторингдик каналдар ишкананын үстүнөн кара түтүн көтөрүлгөнүн кабарлашты.

Жергиликтүү тургундар абада күйгөн пластмассанын жыты сезилип жатканын айтууда. Бирок ишкананын өкүлдөрү окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Пермьдеги өндүрүш объектинде чыккан өрт аянты 2100 чарчы метрге жеткенин, жалын өчүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 80ден ашык кызматкер жана 28 техника тартылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Өрттүн себептерин тергөөчүлөр аныктайт.

“Протон-ПМ” ишканасы “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясынын курамына кирет. Ишкана авиациялык кыймылдаткычтар үчүн тетиктерди, суюк отун менен иштеген ракета кыймылдаткычтарын жана Орусиянын авиациялык, аэрокосмостук өнөр жайы үчүн комплекттерди чыгарат.

Украинадагы согуш уланган шартта эки тараптын тең стратегиялык маанидеги объекттери жана шаарлары улам бутага алынууда.

12:41 1.9.2026

1-сентябрга караган түнү орус аскерлери Украинага жасаган жапырт чабуулдан ондогон жайкын тургун каза болду. Соккулар темир жол инфраструктурасына, турак жайларга, Борисполдогу ишканага жана кеме комплексине тийген.

"Укрзалызныця" мекемесинин жетекчиси Александр Перцовскийдин маалыматына караганда, баллистикалык ракеталар менен темир жол депосуна жана башка темир жол объектилерине сокку урулду. Натыйжада өндүрүш цехи толугу менен талкаланып, жети адам каза болду. Алардын алтоо темир жол мекемесинин кызматкерлери болгон. Дагы бир темир жолчу ооруканага жаткырылды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Киевге баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле реактивдүү дрондор менен жасалган чабуулдан сегиз киши каза болуп, жети адам жараат алганын билдирди. Жабыркагандардын арасында үч бала бар.

Киев облусунун бийлиги Бориспол шаарында да бир нече имарат зыян тартканын кабарлады. Беш кабаттуу турак үйгө сокку урулуп, сегиз адам, анын ичинде эки бала жараат алды. Шаардагы ишканалардын бирине жасалган дагы бир чабуулдан эки киши каза болуп, үчөө жабыркады.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун айтымында, Борисполдогу чабуулдан жалпысынан төрт адам набыт болду.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, Румыния менен чектеш аймактагы өткөрмө бекет да чабуулга кабылды. Одесса облусундагы эл аралык «Орловка» паром комплекси учкучсуз аппараттардын бутасына айланды. Имаратка жана анын айланасы аткыланып, өрт чыкты.

Ушундан улам бекет аркылуу жарандар менен транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулду.

Чернигов облусундагы Новгород-Северск шаарында жергиликтүү ишканалардын бири кеминде алты дрон соккусуна кабылганын райондук аскердик администрациянын башчысы Александр Селиверстов билдирди.

Харьков облусунда орус аскерлеринин соккусунан маанилүү инфраструктура объектиси жабыркады.

Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына ылайык, 31-августтун кечинен бери Орусия Никополь, Павлоград жана Синельников райондоруна 20дан ашык дрон менен чабуул жасады. Анын кесепетинен супермаркет, дүкөндөр, көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр, ошондой эле автоунаалар жабыркап, Павлоград районунда өрт чыккан.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Киевге, Киев жана Одесса облустарына, ошондой эле Одесса менен Кара деңиз портторуна жапырт сокку урулганын билдирди. Министрлик аскердик-өнөр жай жана отун-энергетика комплексине тиешелүү объектилер бутага алынганын маалымдады.

Орусия коңшусу Украинага каршы согуш ачканына беш жылга жакындады. Украинанын жарандык инфраструктурасы, жайкын тургундары бутага алынып жатканын Москва мойнуна албайт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG