Орусиянын армиясы 26-майга караган түнү Украинанын Одесса облусуна ракета жана дрондор менен сокку урду.
Облустун губернатору Олег Кипер Телеграмга жазгандай, бир киши каза таап, кеминде үчөө жараат алды.
Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак сокку эл жашаган аймакка урулганын кабарлады.
Ал тапта Украинага 24-майдагы жапырт соккулардын курмандыктары көбөйдү. Киевде дагы бир кишинин сөөгү уранды алдынан табылган. Муну менен каза тапкандар үчкө жетип, жараат алгандардын саны 100дөн ашты.
Украинада Орусиянын соңку агрессиясынын кесепети боюнча маалыматтар жаңыланууда. 24-майга караган түнү Орусиянын Украинанын борбору Киевге жасаган чабуулунан жабыркагандардын саны 87ге жетти, алардын үчөө балдар. Дагы эки адам каза болду. Бул тууралуу 25-майда Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Ошол эле маалыматты Украинанын президенти Владимир Зеленский да келтирген.
Киевдин мэри Виталий Кличко Telegram каналында шаардык ооруканалардын стационарларында 21 адам жатканын, алардын экөө балдар экенин жазды.
Өзгөчө кырдаал мекемеси 49 участокто жарандык жана административдик инфраструктура бузулганын билдирди. "Шевченко районунда беш кабаттуу үйдүн кире бериши талкаланып, куткаруучулар каза болгон эки аялдын сөөгүн алып чыгышты", - деп айтылды маалыматта.
Согуш башталгандан бери Украинанын маданий мекемелерине келтирилген зыяндын көлөмү боюнча бул эң ири аткылоо болгонун өлкөнүн маданият министри Татьяна Бережная Facebook баракчасына жазды.
Административдик имараттар арасынан Украинанын Министрлер кабинетинин жана ТИМдин имараты, Албаниянын элчисинин резиденциясы, мындан тышкары DW жана Германиянын ARD телеканалынын Киевдеги кеңселери дагы зыян тартты.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия 24-майга караган түнү 90 ракета жана 600 учкучсуз учуучу аппарат менен аткылады. Бутага Киев жана Киев облусундагы Белая Церковь шаары алынган. Белая Церковдогу объектиге сокку уруу үчүн Орусия орто аралыкка учуучу "Орешник" баллистикалык ракетасын колдонду. Буга чейин аны эки жолу колдонушкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги "Орешниктен" тышкары чабуул учурунда "Искандер", "Кинжал" жана "Циркон" ракеталары да учурулганын билдирди.
24-майда Украинага карата аткылоонун натыйжасында жүздөй адам жабыркап, төртөө каза болду
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде 30дай имарат талкаланганын билдирди.
"Биздин адамдардын бири-бирин колдогону маанилүү. Мен жабыр тарткандарга жардам берген ар бир адамга ыраазычылык билдирем. Биздин өнөктөштөрдүн мындан аркы колдоосу дагы маанилүү. Азыр колдоосун билдирген ар бир жаранга ыраазымын. Бирок абадан коргонуу күчтөрүн чыңдоого конкреттүү кадамдар керек", - деп жазды Украинанын президенти.
Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко Украинанын борборундагы аткылоодон эки адам каза таап, 77и жараат алганын билдирди.