Орусияда бийлик согушка студент кыздарды да тартууга аракет кылууда. Бул тууралуу "Гроза" басылмасы студенттердин бирине таянуу менен билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Красноярск радиоэлектроника жана маалыматтык технологиялар коллежинин студент кыздары үчүн жабык жолугушуу өткөрүлдү. Анда аскердик формачан эркек киши жана администрациянын өкүлү болгон эки аял кыздарды учкучсуз учуучу аппараттар аскерлерине кошулууга үгүттөштү.
Студент кыздардын биринин айтымында, жолугушууда учкучсуз аппараттардын оператору болуш үчүн кандай талаптар коюлары тууралуу айтып беришти. Бул үчүн кыздардын жаш курагы 18ден 34кө чейин, өзү мурда соттолбогон жана балдары жок болушу шарт экени айтылды.
Басылма белгилегендей, ушуну менен коллеждин студент кыздарын согуштук дрон аскерлерине кошулууга үгүттөгөн сегизинчи жолугушуу тууралуу кабарланды. Буга чейин ушундай эле жолугушуулар Сибир мамлекеттик индустриалдык университетинде, Санкт-Петербургдагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинде, Аскердик механикалык институтта, Самара жана Ярославл мамлекеттик университеттеринде, Сибир федералдык университетинде, Красноярск тармактык технологиялар жана ишкердик коллежинде уюштурулган.
Орусиялык аскерлер 21-майга караган түнү Украинага "Искандер-М" баллистикалык ракетасын жана сокку уруучу 116 учкучсуз учагын учурду, абадан коргонуу күчтөрү алардын 109ун атып түшүрдү. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.
Чернигов облусунун Новгород-Северский районунда Орусиянын чабуулунан бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алганы белгилүү болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, айыл чарба ишканасынын аймагында унаа жана кампа күйдү.
Днепрде эки аял жараат алганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа кабарлап, турак үйдүн бешинчи кабатында чабуулдан улам батир жабыркап, жарылуу толкунунан бир нече кошуна үйлөрдүн терезелери талкаланганын кошумчалады. Дагы эки адам Кривой Рогдо жана Никопол районунда жаракат алды.
21-майдын таңында орусиялык аскерлер Харьков районундагы жүк ташуучу унааны учкучсуз учак менен аткылашты. Аймак башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бир адам каза болду.
Орусияда быйыл май айында бюджетке мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын май айына салыштырганда дээрлик 40% өсүп, болжол менен 700 миллиард рублга жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып билдирди.
Агенттик мындай өсүштү Ирандагы согуш жана Ормуз кысыгындагы кризистен улам мунайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлгөнү менен байланыштырууда. Мунай жана газ кирешеси Орусиянын бюджетине түшкөн каражаттын бештен бир бөлүгүн камсыз кылат. Ошол эле учурда апрель айына салыштырмалуу киреше салык төлөмдөрү өзгөргөнүнө жана мунайды кайра иштетүүчүлөргө берилүүчү субсидия көбөйгөнүнө байланыштуу болжол менен 17% кыскарат деп болжолдонууда.
Май айындагы өсүшкө карабастан быйылкы жылдын алгачкы беш айында Орусиянын мунай жана газ кирешеси, Reuters баамдагандай, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда болжол менен үчтөн бир көрсөткүчкө азайып, үч триллион рублди түздү. Reuters ошондой эле 2025-жылы Орусиянын бюджетине мунай жана газдан түшкөн киреше 24% азайып, 8,5 триллион рублди түзгөнүн, бул 2020-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болгонун белгиледи.
Орусиянын Самара аймагында дрон чабуулунан 21-майда кеминде эки адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облус губернатору Вячеслав Федорищев билдирди. Анын айтымында, сокку Сызран аймагына урулду, натыйжада дагы бир нече адам жараат алды.
Федорищев Сызранда кайсы объектилерге чабуул жасалганын тактаган жок.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Сызран мунайды кайра иштетүүчү заводу күйүп жатканын жазууда. Бул завод "Роснефть" компаниясынын Самара мунай иштетүүчү заводдор тобуна кирет. Баштапкы кайра иштетүүнүн долбоордук кубаттуулугу жылына 8,5 миллион тоннаны түзөт. Завод бензин жана дизел майын, кеме отунун, суюлтулган газ жана битум чыгарат.
Украин армиясы буга чейин бул ишканага бир нече жолу чабуул жасаган.
Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсар аймактын беш районунун үстүнөн "отузга жакын учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганын" билдирди. Шолохов районундагы Вешенский токой чарбасында дрондун "сыныктары түшкөндөн" кийин эки жерде өрт тутанды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.