Орусиянын армиясы 29-майда күндүз Украинанын Чернигов облусундагы Прилуки шаарына сокку урду.
Украинанын улуттук полициясы менен облустук администрациясы билдиргендей, баштапкы маалыматтар боюнча чабуулдан эки киши каза таап, 21и жараат алды.
Украин тарап соккуда баллистикалык ракета колдонулганын билдирип жатат. Анда жергиликтүү ишканалардын бирине зыян келтирилген, "Эпицентр" соода комплексинин чатыры өрттөнгөн.
Мунун алдында орус аскерлери Сумы облусунун Глухов шаарына чабуул койгондо эки кишинин өмүрү кыйылып, төртөө жараат алган.
Административдик имараттар жана турак жайлар зыян тарткан. Краматорск шаарында авиабомбадан алты киши жараат алган.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Беларустагы өзөктүк машыгууну айыптап, өлкөгө тактикалык курал-жаракты жайгаштыруу глобалдык коопсуздукка “мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч жаратарын” белгиледи.
“НАТО менен чек ара аймагын, Беларусту өзүнүн атомдук плацдармына айлантуу менен Кремль өзөктүк куралды дүйнө жүзүндө жайылтууну легитимдештирет жана башка авторитардык өлкөлөргө кооптуу прецедент түзүүдө”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Киев Батыш өнөктөштөрүн Москва менен Минскиге каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.
18-майда Беларстун Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер менен бирге ядролук куралды колдонуу машыгуусу башталарын жарыялаган.
Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө ядролук жабдууларды туруктуу жайгашкан базадан башка жерге көчүрүү, өзөктүк дүрмөт ташуу жана колдонууга даярдоо өңдүү тапшырмалар аткарылат.
Расмий Минск белгилегендей, машыгуу cоюздук мамлекеттин алкагында алдын ала пландалган.
2023-жылдан бери Орусия Беларуска тактикалык ядролук курал жайгаштырган. Айрым маалыматтарга караганда, ал жакта ондогон атомдук дүрмөт бар. Андан тышкары Беларуска өзөктүк дүрмөт ташууга кудуреттүү орусиялык «Орешник» ракета комплекстери жөнөтүлгөн.
Орусиянын армиясы 18-майга караган түнү Украинанын аймактарына сокку урганда кеминде 30 киши жараат алды.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, орус армиясы 524 дрон жана 22 ракета менен чабуул койду. Анын ичинен төрт ракета менен 503 дрон атып түшүрүлдү.
Днепропетров облусунда 26 киши түрдүү жаракат алды, анын экөө балдар экенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Днепр шаарында жер тамдарда жана окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Көп кабаттуу үйлөр жана башка турак жайларга, диний имаратка, жергиликтүү ишканаларга зыян келтирилди.
Кривой Рогдо да ишканалар жана шаардык инфраструктура зыян тартты.
Чернигов облусунун Корюков районунда эки айылда турак жайлар менен автоунаа өрттөнүп, эки киши жараат алды. Кировоград облусунда да жеке үйдө өрт тутанды.
Одессада дрон чабуулунан эки киши жабыркады, арасында 11 жаштагы бала да бар. Бир кабаттуу турак жайлар талкаланды.
"Агентство" сайтынын жазганына караганда, орусиялык маалымат каражаттары Москва жана Подмосковьеге урулган ири сокку тууралуу учкай сөз кылды.
Басылма Биринчи канал, "Россия-1" жана НТВ өңдүү федералдык каналдар бир нече саат өткөндөн кийин гана темага бир мүнөттөй убакыт бөлгөнүн белгилейт.
Биринчи каналдын алып баруучусу 17-майга караган түнү болгон дрон соккусун негизги темалардын катарына камтыбаган. Башкалары да жаңылыктарды ал темадан баштаган эмес.
Биринчи канал андан тышкары Орусия ал чабуулга жооп кайтарганын түшкү жаңылыктарында билдирди.
Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин маалыматында, бир суткада баш калааны 120дан ашуун учкучсуз учак бутага алган. Москва жана Подмосковьеде үч киши каза тапты, ондон ашууну жараат алды. Бир нече турак жай, мунай ишканалары жана инфраструктура жабыркады.
Украин президенти Владимир Зеленский чабуулду Орусиянын соккуларына болгон адилет жооп деп сыпаттады. Ал Украинанын алыскы аралыкка ийгиликтүү соккулары "кырдаалды жана орусиялык согуш тууралуу жалпы дүйнөлүк түшүнүктү олуттуу өзгөртөрүн" айтты.
Орусиянын Коргоо министрлиги 17-майда түн ичинде бардыгы болуп 556 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ошол эле түнү орусиялык 300 дрон Украинага чабуул койгон.
6-майда Москванын борборунда, Кремлге алты чакырымдай жакын жерде орун алган турак жайга дрон тийген.