Ишемби түнү Киев шаарына жана облусуна Орусиянын дрондорунун жана ракеталарынын жапырт чабуулунан 30 адам жараат алып, бирөө каза тапты. Он киши ооруканага жаткырылганын Киев шаарынын мэри Виталий Кличко билдирди.
Дарницкий районунда дрон 24 кабаттуу үйгө тийип, жогорку жана техникалык кабаттар талкаланды. Днепр районунда дагы бир дрон 18 кабаттуу турак жайга тийген.
Шаардын аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко Соломенский районундагы 18 кабаттуу жатакана да бүлгүнгө учураганын билдирди. Борбор калаанын башка райондору да аткылоого кабылып, өрт чыккан.
Чабуулдун кесепетинен шаарды жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.
"Учурда 2600дөн ашуун турак жай, 187 бала бакча, 138 мектеп жана социалдык тармакка тиешелүү 22 мекеме борборлоштурулган жылуулуктан ажырады", - деп билдирди Кличко.
Киев облусундагы чабуулдун кесепетинен 1978-жылы туулган аял киши каза таап, дагы бир адам жараат алган. Облустук администрациянын башчысы Николай Калашниктин айтымында, орусиялык армиянын соккулары инфраструктура объектилерине, ишканаларга, дүкөндөргө жана турак жайларга урулган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү эртең менен өлкөгө 500дөй орусиялык учкучсуз учуучу аппарат жана 40 ракета менен чабуул жасалганын билдирди. Бутага негизинен Киевдин энергетикалык жана жарандык инфраструктурасы алынган.
"Бул күндөрү көп суроолор болду. АКШ жана дүйнө коомчулугунун согушту токтотуу сунуштарына Орусиянын жообу кайда? Орусиянын өкүлдөрү узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок иш жүзүндө алардын ордуна “Кинжал” жана “Шахеддер” сүйлөп жатат. Путиндин жана анын айланасындагылардын чыныгы жүзү ушул. Алар согушту токтоткусу келбейт. Украинага көбүрөөк азап тарттырууну, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө басымды күчөтүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга аракет кылышат", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген энергетикалык объектилерге жана Украинанын аскердик-өнөр жай комплексине тиешелүү ишканаларга урулганын билдирүүдө.
"Орус ыктыярчылар корпусу" (РДК) уюмдун негиздөөчүсү жана командири Денис Капустин Запорожье багытында "согуштук тапшырманы аткарып жатып" окко учканын билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 41 жаштагы Капустин түн ичинде FPV-дронунун соккусунан мерт болгон.
"Окуянын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат, учурда эмне болгонун тактоо иштери жүрүп жатат", - деп кабарлады РДКнын Telegram-каналында.
Орусиянын жараны Денис Капустин 2017-жылы Киевге көчүп барган. Согушка чейин ал оңчул көз караштагы адамдар үчүн мушташ клубдарын уюштуруп келген. White Rex деген каймана ат менен таанымал Капустин өзү дагы ашынган оңчул көз караштагы адам болгон.
Мындай ишмердүүлүгү үчүн 2019-жылы Капустинге Шенген аймагына кирүүгө 10 жылга тыюу салынган. Bellingcat иликтөөчү тобу кийин ал тыюуга карабастан Германия менен Францияга барганын аныктаган.
2022-жылы Капустин жалаң орус жарандарынан турган "Орус ыктыярчылар корпусун" түзгөн. РДК уюму Украина тарапты жактап, азыркы орус бийлигине армиясына каршы күрөшө турганын билдирген. Орусия РДКны террордук уюм катары тааныган.
- 2023-жылдын апрелинде РДКнын Брянск облусуна чабуулунан кийин Денис Капустин Орусиядагы террорчулар жана экстремисттер тизмесине киргизилип, федералдык издөөгө алынган. "Орус ыктыярчылар корпусу" андан кийин да бир канча жолу Украинага чектеш Орусиянын аймактарына чабуул койгон.
- 2023-жылдын ноябрь айында Орусиядагы сот Капустинди сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Тирүү кармалса, ал өзгөчө режимдеги колонияда жазасын өтөмөк. Орус соту аны мамлекеттик чыккынчылыкка, террордук аракеттерге, террордук ишмердүүлүккө үйрөтүүгө, террордук коомчулук түзүүгө жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сатып алууга айыптуу деп тапкан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясынын Гуляйполе жана Мирноград шаарларын алганы тууралуу кабарларды төгүндөдү.
Украин тарап орус армиясынын өкүлдөрү жана президент Владимир Путиндин Запорожье облусундагы Гуляйполе жана Донецк облусундагы Мирноград шаарларын ээледи деген билдирүүлөрү ырасталбаганын кабарлады.
"Гуляйполеде абал оор болгону менен коргонуу операциясы уланып жатат. Украинанын жоокерлери баскынчылардын калаадагы жөө аскерлерин жок кылуу операцияларын жигердүү жүргүзүүдө. Мирноградда да кырдаал оор, бирок душмандын Покровск-Мирноград агломерациясын басып алуу планы жүзөгө аша элек, мындан улам алар дезинформацияны курал катары колдонууга аргасыз", - деп жазылган маалыматта.
Украина Орусиянын Донецк облусундагы Костантиновка шаарынын жарымын көзөмөлгө алдык деген маалыматы да чындыкка жатпай турганын айтууда.
Мындан тышкары Башкы штаб Купянск шаарын ээлегенин да орус тарап бир нече жолу жарыялаганын эске салды. Иш жүзүндө Украинанын күчтөрү Купянскини орус аскерлеринен тазалап жатканын, калааны былтыркы сентябрдан бери алуу аракети ишке ашпай келатканын билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 27-декабрда Украинанын аймагына жапырт чабуул жасалганын кабарлап, үндүн ылдамдыгынан да тез учуучу жана аэробаллистикалык ракеталар, согуштук дрондор колдонулганын билдирди.
Мекеме бутага "украин аскерлеринин кызыкчылыгы үчүн колдонулуучу" энергетикалык инфраструктура объектилери, аскердик өнөр жай комплексинин ишканалары алынганын, максатына жетишкенин кабарлады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембиге караган түнү жана эртең менен Орусия 500дөй учкучсуз учак, 40 ракета, анын арасында "Кинжалдарды" учурганын, негизги бутага борбор калаа Киев, энергетика жана жарандык инфраструктура алынганын билдирген.
Киевдин мэри Виталий Кличко шаарда жапырт аткылоодон жараат алгандар 27 кишиге жеткенин, Киев облусунда 47 жаштагы аял каза тапканын, жабыркагандар арасында балдар да бар экенин маалымдады.
Украин борбор калаасында жалпысынан 11 саат абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилип жатты.
Днепров, Дарница, Десна, Оболонь, Шевченко райондорунда көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкканы, сыныктар тийип, жабыркаганы белгилүү болду.
Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский АКШга баратып жолдон Канадада токтоп, бул өлкөнүн премьер-министри Марк Карни менен жолугушуу өткөрөрүн «РБК-Украина» жазды.
«Биз Европа лидерлери менен чогуу онлайн сүйлөшөбүз деп пландап жатабыз, мен АКШ президенти менен талкуулай турган документтердин деталдарын, бардык маселелерди карап чыгабыз», — деди ал.
Зеленский менен Трамптын кезектеги жолугушуусу 28-декабрда Флоридада өткөнү жатат.
Украин лидери буга чейин америкалык делегация менен өткөн сүйлөшүүлөрдө согушту токтотуу планынын 90% макулдашууга жетише алышканын айткан.
АКШ президенти Politico басылмасына «Анда эч нерсе жок, мен жактырмайынча... Эмнени сунуштайт болду экен, көрөбүз», - деп билдирген.
Ошондой эле Трамп Зеленский менен жемиштүү жолугушуу болорун күтүп жатканын айтты.
Politico жазгандай, бул жолку жолугушууда АКШнын коопсуздук кепилдиктери, Запорожье атомдук электр станциясын башкаруу жана Москва өз карамагына алууну көздөп жаткан Донбасстын аймактарын көзөмөлдөө талкууланалары күтүлүүдө.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга жакындады. Украинада дээрлик күн сайын жайкын тургундар, анын ичинде балдар каза болуп, жараат алып, бутага жарандык инфраструктура алынарын Москва танып келет.