23-октябрда Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Евробиримдиктин лидерлери Украинанын 2026-жылга жана 2027-жылга карата аскердик муктаждыктарын жана каржылык маселелерин жабуу үчүн 140 миллиард еврого чейинки суммада (162 миллиард АКШ доллары) акча бөлүүнүн татаал схемасын талкууга алып чыгышты. Насыяны берүү шарты - орусиялык активдерди күрөө катары колдонуу.
2022-жылы Орусиянын танктары Украинанын аймагына кирип барган кол салуудан кийин Европа Биримдиги Орусиянын борбордук банкынын (Центробанк) 200 миллиард евролук (232 миллиард доллар) активдерин камакка алган. Шаркеттин андан кийинки чечимдери менен Украина камактагы ошол орус активдеринен проценттик киреше алып келе жатат.
23-октябрда Москва активдерин кандай гана шартта болбосун, Орусиянын өзүнүн макулдугусуз пайдалануу «эл аралык жана келишимдик укук жагынан алып караганда мыйзамсыз» экенин жана «жагымсыз реакция жаратарын» айтып эскертти.
Бул схемага ылайык, Украинага каражат бөлүүнүн орусиялык суверендик активдерге тиешеси болбойт, биримдик каражатты бельгиялык Euroclear депозитарий компаниясынан алат, акча накталай түргө которулат. Андан соң бул каражат Украинага насыя түрүндө берилет, украин бийлиги, өз кезегинде, насыяны эгер Орусия ага келтирген зыяндын ордун толтуруп берсе гана кайтарат.
Сөз болуп жаткан активдердин көпчүлүк бөлүгү Бельгияда жайгашкан. Бул өлкөнүн премьер-министри Барт де Вевер айрым кооптонуулары бар экенин билдирди. Де Вевер Бельгия бийлигине макулдук берүүсү үчүн эгер Москва сотко кайрыла турган болсо жоопкерчиликти Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн бардыгы бирдей алат деген бекем кепилдик керек болуп жатканын айтууда. Ал ошондой эле биримдиктин курамындагы башка мамлекеттер да өз аймагында камакка алынган орусиялык активдерди иштете баштоо убадасын бериши керек деп эсептейт.
Натыйжада саммиттин катышуучулары Бельгиянын позициясынан улам чечимин толук кабыл алууну декабрда өтө турган кийинки жолугушууга чейин кое турмай болду. Еврокомиссияга сунуштала турган чечимдин текстинде насыя тууралуу так жазылган эмес, 2026-2027-жылдарга Украинага «каржылык жардамдын варианттарын» сунуштоо тууралуу гана белгиленген.
Вашингтон Украинага Батыштагы өнөктөштөрү берген алыс аралыкка учкан ракеталарды колдонуудагы чектөөлөрүн алып салганы кабарланды. Мындай чечим Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга ыңгайлуу шарт түзүп, Кремлге аскердик басым көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин The Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып жазды.
Басылманын билдиришинче, 21-октябрда украин күчтөрү бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, британиялык Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Брянсктагы химиялык заводго сокку урду.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын мындай ракеталарды Орусия аймагындагы буталарга колдонууга уруксат бериши Пентагондун чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары өзгөргөндөн кийин болгон. Тактап айтканда, мындай чабуулдарды уруксат берүү укугу коргоо министри Пит Хегсеттен Европадагы АКШ аскерлеринин башкы командачысы, аймактагы НАТОнун бирдиктүү командачылыгын жетектеген генерал Алексус Гринкевичке өттү.
Бул кадрдык өзгөрүү АКШнын президенти Дональд Трамптын Кремлге басымды күчөтүп, сөзгө келүүгө аргасыз кылуу демилгеси менен бир учурга туш келди. Мындай аракеттин бир бөлүгү катары Украинага 1600 чакырымдан узак аралыкка уча алган “Томагавк” канаттуу ракеталарын берүү ыктымалдыгы да каралууда.
Ал арада Дональд Трамп The Wall Street Journal басылмасынын маалыматтарын четке какты. “АКШ бул ракеталарга эч кандай тиешеси жок. Алар каяктан учарына, Украинанын аларды кандайча колдоноруна да жооптуу эмеспиз”, - деди Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди. Лидерлер жакын арада Будапештте кездешерин ал 16-октябрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жарыялаган.
Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги орустардын “Роснефть” жана “Лукойл” ири мунай компанияларын санкциялык тизмеге киргизгени маалымдалды. Вашингтон Москва Украинадагы согушту токтотууга умтулган жок деп эсептейт.
22-октябрдын түнүндө орусиялык аскерлер Украинага дрон жана ракета менен чабуул койду. Киевде соккулардан эки адам каза тапты. Дагы 19 адам жабыркаган, арасында беш бала бар. "Төрт бала жана беш киши ооруканага жеткирилди", - деп билдирди шаар мэри Виталий Кличко.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы шаардагы үч райондогу үйлөргө бомба түшкөнүн аныктаган. Андан тышкары автомобиль жана адам жашабаган имарат күйүп кеткен.
Киев облусунда атышуулардан төрт адам каза тапкан, арасында эки бала бар. Облустук администрациянын башчысы Николай Калашник Пореба кыштагында 1987-жылы туулган аял каза таап, алты айлык бала, он эки жаштагы кыз чарчап калганын билдирди. Алардын жасаттары өрт чыккан үйдөн табылган. Бровары районунда 1989-жылы туулган аял катуу жараат алган.
Николай Калашниктин айтымында, орусиялык аскерлер энергетикалык инфраструктураны бутага алган. Аймакта жарык берүүнү токтотууга туура келди.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы издөө иштерин жүргүзүп, урандыларды тазалап жатат. Чабуулдан 83 жаштагы аял каза болуп, куткаруучулар анын сөөгүн Броварыдагы күйүп жаткан үйдөн алып чыгышкан.
Запорожьеде түнкү чабуулдан кийин медициналык жардам сурап, 13 адам кайрылган. Он беш кабаттуу үй, жеке турак жайлар жана шаардын ар кайсы райондорундагы бош турган имараттар жабыркаган.
Шаршембиде эртең менен Харьковдогу бала бакча да соккуга туш болду. Соңку маалыматка караганда, бир киши мерт кетти, алты киши жарадар болду, бирөө эс учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.
Шаар башчысы Игорь Терехов орус тарап пилотсуз учактар менен чабуул койгонун билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар арасында балдар жок. Ага чейин бир нече наристе жарадар болгону кабарланган. Дүрмөт тийген жерде өрт тутанып, бала бакчадагылар эвакуацияланды.
Украин президенти Владимир Зеленский түнкү чабуулдардан кийин өнөктөштөрдү Орусияга салынган санкцияларды күчөтүүгө, Киевди узак аралыкка учуучу ракеталар менен камсыздоого чакырды.
"Дагы бир түн Орусияга согушту создуктурбасын деген жетиштүү кысым жасалбаганын далилдейт. Түн бою жана эртең менен абадан коргонуу күчтөрүбүз, дрондорду атып түшүрүүчү экипаждар иштеп жатты. Соккулар тынч жаткан шаарларга, негизинен энергетикага урулду, бирок турак жайларга да бир топ дүрмөттөр тийди".
Орусия соңку соккуларга байланыштуу комментарий жасай элек. Ушундай аткылоолорго карабай Москва адатта аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.