Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдө 17-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн жолугушуусунда украин тарап үмүттөнгөндөй Кошмо Штаттардан "Томагавк" ракеталарын алуу тууралуу конкреттүү сөз же чечим болгон жок.
Зеленскийдин айтымында, жолугушууда Украинага абадан коргонуу каражаттарын берүү маселеси талкууланды, тараптар бул жаатта чогуу иштеп жатышат. Ал эми алыска атуучу курал тууралуу эки президент, Зеленский белгилегендей, сүйлөшпөөнү чечишти, анткени "АКШ эскалация болушун каалабайт".
"Орусия, менимче, "Томагавктардан" аябай эле коркуп жатат", - деген украин президенти орустар бул ракетанын өзүнөн эмес, Украинада жасалуучу курал менен чогуу колдонулушунан чочулоодо.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу эки сааттан ашык убакыт уланды.
АКШ президенти өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө жолугушуу абдан кызыктуу жана жылуу маанайда өткөнүн жазды:
"Бирок мен ага Путинге айткандай эле адамдардын өлүмүн токтотуп, КЕЛИШИМ түзүүгө убакыт келип жеткенин айттым. Алар азыркы жетишкенинен токтошу керек".
Зеленский өз кезегинде Трамптын айтканына макул экенин белгилеп:
"Бирок биз маселе Путинде экенин түшүнүп эле турабыз да. Бул согушту биз баштаган жокпуз", - деди жана Украинага тынчтык алып келе турган кандай гана сүйлөшүү болбосун, даяр экендигин кошумчалады.
Орусияда Башкырстандын Стерлитамак шаарындагы "Авангард" ишканасында 17-октябрдын кечинде кайрадан жарылуу болуп, үч кишинин өмүрү кыйылганын республиканын башчысы Радий Хабиров билдирди.
"Тилекке каршы, үч киши каза болду, үчөө тең аялдар. Арасында 2002-жылы туулган кыз да бар. Калган эки аялдын артында балдары калды", – деп жазды ал Телеграм каналына.
Соңку маалыматтарга караганда, дагы беш киши ооруканага түштү, алардын экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.
Жарылууга эмне себеп болгону азырынча айтыла элек. Аймактын башчысы тергөө жүрүп жатканын, окуяга учкучсуз учактар себеп эмес экенин билдирди. Кылмыш иши "өндүрүштөгү коопсуздук эрежелеринин бузулушу" деген негизде козголду.
"Авангард" заводунда мунай жана газ тармагына зарыл жабдык, тетик, шайман жасалат, бирок анын ишинин негизги багыты жардыргыч жасоо болуп эсептелет.
2024-жылы ишкана "курал-жарак жасоо, модернизациялоо иштери менен алектенүүдө" деген негизде Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирген. Мындай санкциялар Орусия Украинага каршы согуш ачканы үчүн жарыяланып келет.
Былтыр 5-августта да ушул эле заводдо цехтердин биринде түтүк оңдоп жатышканда жарылуу болуп, үч кишиден турган бригада набыт кеткен.
Стерлитамак Башкырстандагы калкынын саны боюнча экинчи орунда турган шаар.
16-октябрда Украинанын баш калаасы Киевде жана бир нече облусунда Орусиянын чабуулдарынан улам авариялык түрдө электр жарыгын өчүрүү чаралары киргизилди.
Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, авариялык өчүрүүлөр Киев, Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Кировоград, Днепропетровск, Хмельницкий, Житомир жана Черкассы облустарында жүргүзүлдү.
Соңку күндөрү орусиялык армиянын соккуларына туш болгон Чернигов облусунда электр энергиясын саат сайын өчүрүү графиги колдонулат. Мындай чектөөлөргө өнөр жай ишканалары да туш болушу мүмкүн.
Украин бийлигинин маалыматына ылайык, акыркы жума ичинде Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине болгон чабуулдарын күчөттү. Бутага Киевдеги жылуулук электр станциялары да алынды. 16-октябрга караган түнү Орусия коңшу өлкөнүн Чернигов, Полтава жана Винница облустарына дрон жана ракета менен сокку урду. Чернигов облустук аскердик администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус облус жапырт чабуулга кабылганын жана бир нече турак үй жабыркаганын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки адам жаракат алды.
Полтава облусунда түнкү чабуулдардан кийин айрым өндүрүш ишканалары убактылуу ишин токтотту.
Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Орусия 300дөн ашык дрон жана 37 ракета колдонду. Анын айтымында, бул жолку чабуулдарда негизинен өлкөнүн энергетикалык жана жарандык инфраструктурасы бутага алынды.
Кыш жакындаган сайын Орусиянын Украинадагы энергетикалык объектилерге кол салуулары күчөп жатат. Далилдерге карабастан Москва карапайым жарандар менен жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.
Британия 15-октябрда Орусияга карата салынган санкциялык тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн сайтына чыккан маалыматка караганда, “кара тизмеге” орусиялык “Роснефть” жана “Лукойл” ири компаниялары киргени жазылган.
Мындан тышкары санкцияга орусиялык “көмүскө флотко” тиешеси бар делген 51 кеме, ошондой эле Трансстройбанк, Примсоцбанк, ББР банк жана Солид банк илинген. Бул тизмеге Орусиянын Улуттук төлөм карталар системасы жана бир нече жеке адамдар да кирди. Жалпысынан чектөөгө илинген 90 адам жана уюм болду, алардын арасында кытайлык, индиялык жана сингапурдук компаниялар да бар.
Мындай чечимдин түшүндүрмөсүндө “Роснефть” менен “Лукойл” Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ, тагыраагы, энергетикалык сектордо иш жүргүзгөнү үчүн бул тизмеге илингени жазылган.
“Роснефть” мамлекеттик корпорациясы буга чейин Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген. Британия “Чоң жетинин” ичинен “Лукойлду” “кара тизмеге” киргизген биринчи мамлекет болуп калды. Евробиримдик бул компанияга чара көрүүнү талкуулап жатат, ал эми АКШ азырынча эч кандай чектөөчү чечим кабыл ала элек.