Британия 15-октябрда Орусияга карата салынган санкциялык тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн сайтына чыккан маалыматка караганда, “кара тизмеге” орусиялык “Роснефть” жана “Лукойл” ири компаниялары киргени жазылган.
Мындан тышкары санкцияга орусиялык “көмүскө флотко” тиешеси бар делген 51 кеме, ошондой эле Трансстройбанк, Примсоцбанк, ББР банк жана Солид банк илинген. Бул тизмеге Орусиянын Улуттук төлөм карталар системасы жана бир нече жеке адамдар да кирди. Жалпысынан чектөөгө илинген 90 адам жана уюм болду, алардын арасында кытайлык, индиялык жана сингапурдук компаниялар да бар.
Мындай чечимдин түшүндүрмөсүндө “Роснефть” менен “Лукойл” Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ, тагыраагы, энергетикалык сектордо иш жүргүзгөнү үчүн бул тизмеге илингени жазылган.
“Роснефть” мамлекеттик корпорациясы буга чейин Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген. Британия “Чоң жетинин” ичинен “Лукойлду” “кара тизмеге” киргизген биринчи мамлекет болуп калды. Евробиримдик бул компанияга чара көрүүнү талкуулап жатат, ал эми АКШ азырынча эч кандай чектөөчү чечим кабыл ала элек.
Москванын Басман соту орус оппозициячыл саясатчылары Владимир Кара-Мурза менен Илья Яшинди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга карата "экстремисттик уюмдун ишине катышкан жана армияны каралаган “фейк” маалымат тараткан" деген күнөө тагылган. Буга чейин бул эки саясатчыга издөө жарыяланып, террорчулардын жана экстремисттердин реестрине киргизилгени белгилүү болгон.
Путиндин бийлигинин сынчылары болгон Владимир Кара-Мурза менен Илья Яшин буга чейин орус түрмөлөрүндө отуруп, былтыр жайында Батыш өлкөлөрү менен туткун айырбаштоо жолу аркылуу орус абагынан чыккан.
Ага чейин Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин мекенинде “фейк маалымат тараткан” деп айыпталып, 8,5 жылга кесилген.
Кара-Мурза болсо "орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо" деген сөзү үчүн 25 жылга соттолгон.
Эркиндикке чыккан соң саясатчылар Европада жашап, бозгундагы башка орус активисттери жана саясатчылары менен бирге акцияларды уюштуруп келет.
Буга чейин орус атайын кызматтары бир нече орусиялык таанымал оппозициялык саясатчыга жана коомдук ишмерге бийликти күч менен басып алуу жана террордук уюм түзүү беренеси менен айып таккан. Алардын арасында ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов, коомдук ишмер Леонид Гозман, саясатчылар Дмитрий Гудков, Юрий Пивоваров жана башкалар бар.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина чабуулга өтө башташы ыктымал экенин билдирди. 15-октябрда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун директору Кэш Пател менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп украин тарап мындай аракетке даярданып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.
Украинага курал жарактын Tomahawk ракеталарынан башка да түрлөрүн берүү планы бар же жогу тууралуу суроого Трамп башка варианттарды карап жатканын, бул боюнча чечим кабыл алышы керек экенин билдирди.
Трамп Украина маселесин 17-октябрда Владимир Зеленский менен жолукканда талкуулай турганын айтып:
"Алар чабуулга өтүүнү каалашат", - деди жана "Биз чечим кабыл алышыбыз керек" деп кошумчалады.
10-октябрда украин президенти Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөндө Орусияны ок атууну токтотуу үчүн Украинага канча америкалык Tomahawk ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан. Буга чейин Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Орус президенти Владимир Путин мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөй” турганын билдирген.
Вашингтон НАТОдогу өнөктөштөр Украинага жардам иретинде АКШдан курал-жарак алат деп күтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет Брюсселде альянстын коргоо министрлеринин жыйыны алдында билдирди.
Кеп АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын PURL демилгеси тууралуу жүрүүдө. АКШ Киевге курал-жаракты түз жөнөтпөй калган. Анын ордуна өнөктөш өлкөлөргө сатып, андан ары алар Украинага жеткирет.
Хегсеттин айтымында, тынчтыкка тез жетүү үчүн Украинаны курал менен камсыздоо зарыл. “Тынчтыкка күчтүү болсоң гана жете аласың” деп айтты америкалык министр.
Бүл күндөрү Брюсселде Украинаны коргоо тобунун же башкача айтканда “Рамштайн” форматындагы жыйын да өтүп жатат. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте АКШнын демилгесине дагы бир нече өлкөнүн кошулганы жарыяланарын айтты. Анын маалыматына ылайык, ал долбоордун алкагында Киевди курал менен камсыздоого 2 млрд долларга жакын акча бөлүндү.
Демилгеге Германия, Нидерланд, Канада, Швеция, Дания жана Норвегия кирет.
Рютте Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берип-бербөө талкууланбай турганын, себеби ал Украина менен АКШнын эки тараптуу мамилелерине тиешелүү маселе экенин кошумчалады. Эки өлкөнүн лидерлери аны 17-октябрда Вашингтондо кеп кылары күтүлүүдө.
Ал арада Орусия шаршембиге караган түнү 115 пилотсуз учак менен сокку урганын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бутага Днепропетровск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустары алынды.