Вашингтон НАТОдогу өнөктөштөр Украинага жардам иретинде АКШдан курал-жарак алат деп күтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Пит Хегсет Брюсселде альянстын коргоо министрлеринин жыйыны алдында билдирди.
Кеп АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын PURL демилгеси тууралуу жүрүүдө. АКШ Киевге курал-жаракты түз жөнөтпөй калган. Анын ордуна өнөктөш өлкөлөргө сатып, андан ары алар Украинага жеткирет.
Хегсеттин айтымында, тынчтыкка тез жетүү үчүн Украинаны курал менен камсыздоо зарыл. “Тынчтыкка күчтүү болсоң гана жете аласың” деп айтты америкалык министр.
Бүл күндөрү Брюсселде Украинаны коргоо тобунун же башкача айтканда “Рамштайн” форматындагы жыйын да өтүп жатат. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте АКШнын демилгесине дагы бир нече өлкөнүн кошулганы жарыяланарын айтты. Анын маалыматына ылайык, ал долбоордун алкагында Киевди курал менен камсыздоого 2 млрд долларга жакын акча бөлүндү.
Демилгеге Германия, Нидерланд, Канада, Швеция, Дания жана Норвегия кирет.
Рютте Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын берип-бербөө талкууланбай турганын, себеби ал Украина менен АКШнын эки тараптуу мамилелерине тиешелүү маселе экенин кошумчалады. Эки өлкөнүн лидерлери аны 17-октябрда Вашингтондо кеп кылары күтүлүүдө.
Ал арада Орусия шаршембиге караган түнү 115 пилотсуз учак менен сокку урганын Украинанын абадан коргонуу күчтөрү кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бутага Днепропетровск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустары алынды.
Херсондо орус артиллериясынын аткылоосунан үч карапайым киши набыт болгонун, кеминде төртөө жараат алганын облустук прокуратура билдирди.
Анын алдында гуманитардык жардам тартып бараткан төрт машина чабуулга туш болгону айтылган. БУУнун Украинадагы гуманитардык маселелер боюнча координатору Маттиас Шмаленин айтымында, жүк ташыган машиналарда Эл аралык азык-түлүк программасына таандык деген атайын белги бар болчу.
«Мындай чабуулдар кабыл алынгыс. Эл аралык гуманитардык кызматкерлерди коргоо мыйзамдарда каралган, аларга эч качан чабуул жасалбашы керек», - деп айтты Шмале.
Ал эл аралык гуманитардык укукту одоно бузууну согуш кылмышына теңөө мүмкүн деп кошумчалады.
Маалыматка караганда, жүк бир нече айдан бери жардамсыз калган Белозерка шаарына жеткирилип бараткан.
Артиллериялык аткылоодон эки машина зыян тартты, жабыркагандар жок.
Буга чейин гуманитардык кербенге сокку урулганын Херсон облусунун жетекчиси Александр Прокудин билдирген.
Орусиянын бийлиги бул маалыматка байланыштуу комментарий жасаган жок.
Ал арада украин президенти Владимир Зеленский шейшембиге караган түнү кайрадан өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы бутага алынганын билдирди.
Президент телеграм-каналына жазганы боюнча, Харьков жана Сумы облустарында тиешелүү кызматтар энергетикалык жайлардын ишин калыбына келтирип жатат.
«Күн сайын, түн сайын Орусия электрстанцияларга, электрзымдарга, газ жеткирген объектилерге сокку уруп келатат”, - деп билдирди Зеленский.
Облус администрациясы 24 саатта 62 киши жабыркаганын билдирген. Дүйшөмбүнүн кечинде бомбалардын бири ооруканага тийген.
Кыш жакындаганы Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетикасына чабуулдарын күчөтөт. Далилдерге карабай Москва ошондой эле карапайым кишилерди жана жарандык жайларды аткылаганын танып келет.
Украин президенти Владимир Зеленский 17-октябрда Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын билдирди.
Reuters агенттигинин жазышынча, бул жолугушууда Зеленский Трамп менен Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү жана узак аралыкка атуучу курал-жарактарды алуу маселесин талкуулайт.
Буга чейин “Томагавк” канаттуу ракеталары боюнча сөз болуп жаткан. Трамп эгерде Орусия ок атууну токтотпосо мындай ракеталарды Украинага бериши мүмкүн экенин кыйыткан. Ак үй азырынча Зеленскийдин сапары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Бирок Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, сапарга даярдык көрүлүп жатканын кабарлаган. Соңку күндөрү Трамп менен Зеленский телефондон эки ирет сүйлөштү.
Жума күнү Владимир Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөндө Орусияны ок атууну токтотуу үчүн Украинага канча америкалык "Томагавк" ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан.
Буга чейин Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бирок орус президенти Владимир Путин мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөй” турганын билдирген.
12-октябрдын таңында Орусиянын армиясы Украинанын Донецки облусундагы энергетика инфратүзүмдү аткылап, анын айынан аталган аймак жарыксыз калды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Вадим Филашкин Телеграм каналында кабарлады.
Түнкү чабуулдардан Белгород-Днестровский шаарындагы объектилер жабыркады. Кээ бир райондордо жарык өчтү.
Харьков облусунун Чугуев шаары экинчи күнү катары менен дрондордун чабуулуна кабылды. Бул ирет окуу имараты жабыркады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматтарына ылайык, Харьков облусундагы соңку чабуулдардан беш киши, анын ичинде бир бала жаракат алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлагандай, соңку суткада Орусиянын армиясы Украинага жалпы 118 учкучсуз учак менен аткылады, анын 103ү атып түшүрүлдү.