Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06
Украинанын Харьков облусу. Балаклея. 30-ноябрь, 2025-жыл
Украинанын Харьков облусу. Балаклея. 30-ноябрь, 2025-жыл

Украина: Орусиянын ракеталык соккусунан үч киши каза таап, 10у жараат алды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:52 17.9.2025

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 172 согуштук дрон, мындан тышкары «Искандер-М/KN-23» баллистикалык ракетасын жана зениттик башкарылуучу С-300 ракетасын учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Shahed дрондорунун 136сын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, 36 дрон 13 жерге түшкөнү маалымдалды.

Вице-премьер Алексей Кулеба темир жол подстанциялары аткылоого кабылганын, жүргүнчү ташуучу ондогон поезд токтоп калганын билдирди.

"Мындай соккулардын максаты бирөө гана — жүргүнчү жана жүк ташууну кыйындатуу, транспорт системасынын туруктуу ишин үзгүлтүккө учуратуу, адамдарга жана экономикага кошумча басым көрсөтүү", — деп белгиледи Кулеба.

Соккулардын көбү өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Черкассы жана Кропивницкий облустарына туш келди.

Учкучсуз учактардын бутасына алынганын Орусия да билдирүүдө. Бул өлкөнүн Коргоо министрлигинин 17-сентябрдагы маалыматына караганда, өткөн түнү Украина анын аймагына учурган согуштук дрондордун сегизи атып түшүрүлдү.

15:25 16.9.2025

Орусиянын армиясы 16-сентябрга караган түнү Украинанын Запорожье аймагына онго чукул сокку урду, бир киши каза таап, 13ү жараат алды. Жараат алгандардын экөө 4 жана 17 жаштагы балдар. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Украин тарап Орусия бул соккулар үчүн "Торнадо-С" реактивдүү системасын колдонгонун айтып жатат. Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров соккулар шаардын Коммунарск жана Шевченков райондоруна урулганын кабарлады. Көп кабаттуу 10 үй, 12 жер тамга зыян келтирилген. Үч турак үйдү, автоунаа токтотуучу жайда турган эки жүк ташуучу машинени, техникалык тейлөө станциясын өрт чалды.

Николаев облусунда ферма аткыланып бир киши каза тапканын украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Соккуга Киев, Сумы, Харьков, Донецк жана Херсон облустары да кабылды. Орус армиясы 16-сентябрга караган түнү Украинаны көздөй 113 дрон учуруп, анын 89у жок кылынган.

Зеленскийдин маалыматына караганда, сентябрь айы башталгандан бери Украинага 3500дөн ашуун дрон, 190дой ракета жана 2500дөн ашык авиациялык бомба менен сокку урулду.

"Биздин өнөктөштөргө каршы да чагымдар болду. Бул Украина биргелешип коргонууну сунуштаган аба террорунун өзү", – деди ал соцтармактагы билдирүүсүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү 87 украиналык дронду атып түшүргөнүн жарыялады. Белгород облусунда чабуулдан бир киши кайтыш болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков маалымдады. Ростов облусунда беш район: Миллеров, Чертков, Шолохов, Боков жана Верхнедонск райондору чабуулга кабылды. Верхнедонскиде дрон сыныгы түшкөн жерде кургак чөп күйүп, өрт өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин Ростовдун губернатору Юрий Слюсар билдирди.

13:24 15.9.2025

Орусиянын армиясы 15-сентябрга караган түнү Украинага үч ракета жана ар кандай типтеги 84 учкучсуз учак менен сокку урду.

Бул тууралуу Укрананын Аба күчтөрү билдирип, жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00гө карай абадан коргонуу системасы 59 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Ракеталар менен 25 дрондун 13 локацияга тийгени аныкталганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, орус армиясы Краматорскини бутага алган. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко калаанын борбордук бөлүгүнө үч авиабомба башталып, тогуз киши жараат алганын айтты.

14-сентябрдын кечинде Орусия Украинанын Сумы облусундагы Боромлянск кыштагынын четине ракеталык сокку урган. Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров орусиялыктар айыл чарба техникасы түшүм жыйнап жаткан талааны бутага алганын билдирген. Соккуда эгин жыйнап жаткан бир нече киши жараат алган. 11 адам ооруканага түшкөн, биринин абалы оор.

Орусия 15-сентябрга оогон түнү Запорожье районуна да сокку уруп, андан бир айыл жамааты жарыксыз калды, бир нече жер тамда өрт чыкты.

11:45 15.9.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа Биримдигине Орусияга каршы санкция киргизүү үчүн аткарылбас шарттарды койгонун The New York Times жазды.

Буга чейин Трамп Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү колдоого даяр экенин, мындай кадам НАТО өлкөлөрү орус мунайын алуудан толук баш тартса гана ишке ашырыларын билдирген.

Ошондой эле ал ЕБди Кытай 50-100% бажы төлөмдөрүн киргизүүнү чакырды.

The New York Times Трамптын талабын аткарууга мүмкүн эместигин, анткени Венгрия, Түркия Орусиянын мунайын ири сатып алуучу бойдон калганын, өз кезегинде бул мамлекеттерге АКШ президенти бир нече жолу "суктанганын" эске салды.

Шаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү орус мунайын алууну кыскарткан, бирок Орусиянын газына көз карандылык бар.

Axios сайты жазгандай, Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге олуттуу басым жасоого жөндөмү бар экенинен күмөн санайт.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон CBS каналына берген маегинде Орусияга каршы санкцияларга мезгил келип жеткенин, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын айтты.

Жонсон "бардык мыйзамдарга президент кол кое тургандыктан, Конгресс өз демилгесинин негизинде гана иш алып бара албай турганын, санкция маселесинде "өнөктөштүк" болушу керектигин" кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG