НАТО орусиялык дрондордун Польшанын аба мейкиндигин бир нече жолу бузганына байланыштуу “Чыгыш күзөтчүсү” операциясын баштап, уюмга кирген өлкөлөрдүн Орусия жана Беларус менен чектеш аймактарын бекемдөө аракетин көрөт.
Бул тууралуу жума күнү НАТОнун баш катчысы Марк Рютте билдирди. Анын айтымында, операциянын башталганы тууралуу Түндүк Атлантика альянсынын Куралдуу күчтөрүнүн Европадагы башкы командачылыгы Алексус Гринкевич жарыялады.
“Бул операция жакынкы күндөрү башталат жана ага көптөгөн каражат менен күч тартылат”, - деген Рютте айрыкча учкучсуз учактардан келген коркунучтарды жок кылууга басым жасаларын кошумчалады.
Ага Дания, Франция, Улуу Британия жана Германиянын аскерлери катышат.
АКШнын куралдуу күчтөрүнүн генералы Гринкевич НАТО альянска кирген аймактардын ар бир дюймуна чейин коргой турганын билдирди.
НАТО тараткан маалыматка караганда, операциянын мөөнөтү жок. НАТОнун Чыгыш флангында абадан коргонуу аракеттери күчөтүлөт. Маалыматта белгиленгендей, Дания операцияга катышуу үчүн эки F-16 истребителин, абадан коргонуу системасы менен жабдылган фрегат кемесин жөнөтөт. Франция үч “Рафаль", Германия төрт "Еврофайтер" истребителин жиберет.
Польшанын Ички иштер министрлиги 11-сентябрда жети жерде 16 учкучуз учактын сыныктары табылганын билдирген. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндигин 19 дрон бузганы кабарланып келген.
НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептейт, бирок аны чабуул катары сыпаттабайт деп маалымдалган.
Москва Польшанын үстүнөн учкан дрондор орусиялык болгонун кыйыр түрдө четке каккан.
Франция менен Германия соңку абалга байланыштуу өз өлкөлөрүндөгү Орусиянын элчилерин чакырган. Соңку жагдай БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралары күтүлүүдө.
12-сентябрда Жапониянын бийлиги да орусиялык 47, үч беларустук компаниялар менен уюмдарга, бир катар аскер кызматкерлерине, аткаминерлерге жана алардын туугандарына санкция салды.
Жапон Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, чектөөлөргө Ахмат Кадыров атындагы фонд, "Артек2" балдар лагери, Movement of the First уюму ("Движение первых" деп аталган балдардын жана жаштардын жалпы орусиялык кыймылы), "Урал" автозаводу, Туладагы курал-жарак заводу, Арзамасстагы бронетехника чыгарган машина куруу заводу баштаган ишканалар туш болду.
Евробиримдик 12-сентябрда орус президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерге жана орусиялык бир катар жарандарга карата санкциялардын мөөнөтүн дагы жарым жылга узартты.
Жакынкы күндөрдө Орусияга каршы санкциялардын 19-топтому кабыл алынары күтүлүп жатат.
Улуу Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясына жооп катары санкция тизмесин кеңейтти.
Бул ирет Орусиянын "Русполимет" металлургия компаниясы, "Технодинамика" холдинги, Брянскидеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы химиялык заводу, Сарапулдагы радиозавод, "Анозит" химиялык өнөр жай ишканасы, "Реконд" жана "Элеконд" конденсатор заводдору, "Синвент" техникалык системалар институту, "Кубаттуу радиокуруу институту", "Редкин атындагы тажрыйба заводу", "Мезон" жана Мытищидеги курулуш жабдыктарын чыгарган заводдор тизмеге кирди.
Мындан тышкары Кытай, Индия, Түркия жана Тайланддын Орусия менен кызматташкан компанияларына да санкция салынды.
Ошондой эле кытайлык Shenzhen Blue Hat International Trade компаниясынын ээлери, орусиялык жарандар Алексей жана Елена Малицкая, Түркиянын Mastel Makina компаниясы менен байланышы болгон азери жараны Шанлик Шукуров да санкция тизмесинин катарын толуктады.
12-сентябрга оогон түнү Польша Беларус менен чек арасында бардык өткөрүү бекеттеринин ишин белгисиз мөөнөткө токтотту.
Өткөрүү пункттарынын алдында польшалык чек арачылар темир тосмо орнотуп, тикенек зым тартканын БелТА агенттиги кабарлады.
Буга чейин эки өткөрмө бекети - жүргүнчүлөр үчүн Брест, жүк ташуучу автоунаалар үчүн Козловичи бекеттери иштеп келген.
Чек араны жабуу чечими Орусия менен Беларустун биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгууларына байланыштуу.
Машыгуу 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин Беларустун аймагында өтөт.
Поляк бийлиги чек араларды жабуу ниетин 9-сентябрда жарыялаган.
10-сентябрда 15тен ашуун орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирген. Поляк армиясы жана НАТОдогу өнөктөштөр истребителдерди абага көтөрүп, дрондор атып түшүрүлгөн.
Бул НАТОнун аймагында дрондор кулатылган биринчи учур. Латвиянын бийлиги бул окуялардан кийин орус-беларус чек ара зонасында аба мейкиндигин 11-сентябрдан 18-сентябрга чейин жапкан.