АКШнын президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнө Пекин менен Делини Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алууну кыскартууга же токтотууга көндүрүү үчүн Кытай менен Индиядан ташылган товарларга жогорку импорттук бажы алымдарын киргизүүнү сунуштады. Трамптын айтымында, АКШ дагы ушундай эле тариф киргизет.
Американын маалымат каражаттары жазгандай, мындай сунушун Трамп ушул тапта администрациясынын жогорку өкүлдөрү менен келечектеги санкцияларды талкуулап жаткан ЕБ делегациясы менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты.
АКШнын президенти эки өлкөнүн импортуна 100% пошлина киргизүү мүмкүнчүлүгүн билдирген.
The Financial Times басылмасынын Ак үйдөгү булагы президент "мындай кадам Кытай мунай сатып алуудан баш тартканга чейин кармалып турушу керек" деп эсептейт.
Америкалык жана европалык өкүлдөрдүн жолугушуусуна Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко катышып, Орусияны согушка жумшаган ресурстарынан ажыратуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.
Август айында президент Трамп Дели орус мунайын сатып алууну кыскартуудан баш тартканы үчүн индиялык товарларга импорттук алымдарды эки эсе кыскартып, 50 пайызга чейин түшүргөн. Учурда кытай товарларынын көбүнө 30 пайыздык салык төлөнөт. Дональд Трамп Кытай менен соода сүйлөшүүлөрүн узартып, бул өлкөнүн импортуна тарифтин 145% чейин көтөрүлүшүн кийинкиге жылдырган.
Францияда президент Эммануэл Макрон өкмөттүн жаңы башчысы кылып коргоо министри Себастьен Лекорнюну дайындады. 39 жаштагы жаңы премьер-министр Макрон 2017-жылы президент болуп шайлангандан бери өкмөттө туруктуу иштеп келаткан жалгыз министр.
Аны Макрондун ишенимдүү өкүлү деп аташат, ал Орусиянын кол салуусуна кабылган Украинага аскердик жардамды күчөтүүнү, улантууну жактаган француз саясатчыларынын бири катары таанымал.
Соңку эки жылдан бери Францияда ушуну менен өкмөт башчы бешинчи жолу алмашып олтурат. Буга чейинки премьер-министр Франсуа Байру тогуз ай иштеди, 8-сентябрда парламент анын бюджеттик реформаларына байланыштуу ишеним көрсөтпөө жарыялаган. Ал өкмөт өтө сарамжал иштеп, бюджеттеги киреше менен чыгашанын айырмасын кескин азайтуусу керек деген саясат жүргүзүп жаткан.
Бир жыл мурда Макрон ашынган оңчул күчтөрдүн бекемделишине жол бербөө максатында парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган. Шайлоодо жеңип келген партиялар парламенттин төмөнкү палатасында үч топко бөлүнүп, бири да көпчүлүктү түзө албай жатат.
9-сентябрда Украинанын Донецк облусунун Яровая кыштагында Орусиянын соккусунан каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, 18 адам жаракат алды, үчөнүн абалы оор.
«Орусия пенсия берилип жаткан учурда жай тургундарды бутага алды. Бул аскердик аракет эмес, бул террорчулук. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, полиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жатат», — деп жазды Филашкин.
Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирген. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку урулганын, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашкан.
Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.
9-сентябрда Донецк облусундагы Ярова кыштагын бомбалоодон 20дан ашуун киши мерт болгонун украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бомбалардын бири улгайган адамдарга пенсия таратылып жаткан жерге түшкөнү айтылды.
Шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирди. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку болгонун, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашты.
Донецк облусундагы аба чабуулунан алты киши мерт кеткенин, ондогон турак жай, анын ичинде мектеп талкаланганын жергиликтүү жетекчилер маалымдашты.
Орусия тарапта Сочи шаарында автомобилге тийген дрондун сыныктарынан анын айдоочусу каза болду. Москва шейшембиге караган түнү Украинанын 34 дрону асманда жок кылынганын билдирди.