9-сентябрда Украинанын Донецк облусунун Яровая кыштагында Орусиянын соккусунан каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, 18 адам жаракат алды, үчөнүн абалы оор.
«Орусия пенсия берилип жаткан учурда жай тургундарды бутага алды. Бул аскердик аракет эмес, бул террорчулук. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, полиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жатат», — деп жазды Филашкин.
Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирген. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку урулганын, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашкан.
Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.
9-сентябрда Донецк облусундагы Ярова кыштагын бомбалоодон 20дан ашуун киши мерт болгонун украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бомбалардын бири улгайган адамдарга пенсия таратылып жаткан жерге түшкөнү айтылды.
Шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирди. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку болгонун, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашты.
Донецк облусундагы аба чабуулунан алты киши мерт кеткенин, ондогон турак жай, анын ичинде мектеп талкаланганын жергиликтүү жетекчилер маалымдашты.
Орусия тарапта Сочи шаарында автомобилге тийген дрондун сыныктарынан анын айдоочусу каза болду. Москва шейшембиге караган түнү Украинанын 34 дрону асманда жок кылынганын билдирди.
Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан эксперттер тобунун коштоосунда Вашингтондо америкалык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Орусияга каршы мындан аркы санкцияларды талкуулап жатканын Еврокомиссиянын маалыматына таянып Reuters жазды.
7-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга карата чектөөлөрдүн экинчи фазасына өтүүгө даярдыгын билдирген.
Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта жаңы санкциялар АКШ менен тыгыз координация кылынарын айткан.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент 8-сентябрдын кечинде О'Салливан менен кездешкенин, "тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоо боюнча Трамптын стратегиясы" алкагында бардык варианттар каралып жатканын билдирди.
"Биз Орусияга каршы катаал чара көрүүгө даярбыз. Бирок натыйжа болушу үчүн европалык өнөктөштөрүбүз биз менен бирге болушу шарт", — деди ал.
Азыркы тапта ЕБ Орусияга каршы санкциялардын 19-топтомун даярдоодо. Москва Батыштын чектөөлөрүнө 2022-жылы коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери кабылып келе жатат.
Кремль эч кандай чектөөлөр анын багытын өзгөртүүгө тоскоолдук жарата албай турганын билдирүүдө.
Орусиянын мурдагы президенти, учурда Коопсуздук кеңешинин төрага орун басарлыгын аркалаган Дмитрий Медведев Финляндиянын дарегине опуза камтылган макала жазды. Орус мурдагы президентинин авторлугундагы “Финдердин жаңы доктринасы: акмакчылык, жалган, жакшылыкты билбегендик” деп аталган макала ТАСС мамлекеттик агенттигинде жарыяланды.
Анда Медведев Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Финляндия гитлердик Германия менен биригип алып СССРге кол салган деп айыптаган. Макалада экс-президент Финляндиянын азыркы жетекчилиги реваншисттик пландарды түзүп жатат деп сындаган.
Медведев финдердин НАТОго кошулушун, Украинага жигердүү колдоо көрсөтүшүн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки келишимдерди бузуу деп сыпаттап, СССРге келтирилген чыгым үчүн Финляндиядан кошумча репарация талап кылса болорун кыйыткан.
Ошондой эле соңку учурда Батыш дарегине ачуу, айрым учурда орунсуз сын айткан орус саясатчысы фин бийлиги “Орусия менен согушка багытталган конфронтациялык курска түштү, чабуул коюу үчүн плацдарм даярдап жатат” деген шектенүүлөрүн бөлүшкөн.
Буга байланыштуу “Биз менен каршылашуу фин мамлекеттүүлүгүн толугу менен жок кылышы мүмкүн. 1944-жылдагыдай аларды эч ким аяп отурбайт” деп Финляндияны ачыктан ачык эле опузалаган.
Дмитрий Медведевди мындай макала жазууга эмне түрткү болгону белгисиз.
Финляндия Орусия согуш ачкандан бери Украинага активдүү колдоо көрсөтүп келет. Бул өлкөнүн президенти Александр Стубб АКШ президенти Дональд Трампты Украинанын кызыкчылыгы үчүн ынандырууга аракет кылган лидерлердин бири болууда. Август айында ал украин президенти Владимир Зеленскийди Вашингтонго коштоп барган европалык лидерлердин катарында болгон.
Орусия менен чек аралаш Финляндия Кремлдин ыктымал бутасында турган Европадагы НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бири экени көптөн бери айтылып келген. Бул өлкөнүн саясатын Кремлди жактаган бир нече фигура буга чейин эле сындап, опузалаган учурлар көп эле болгон.
Бирок Медведев муну ачык айткан жогорку кызматты ээлеген орус саясатчысы болуп калды.