Германия Орусия менен конфликт абалында турганын канцлер Фридрих Мерц LCI телеканалындагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, Москва Германиянын көп бөлүгүндө дестабилизация боюнча операция жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат.
Буга чейин Мерц Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу даяр экенин көрсөтпөй жатканын айткан. Канцлер Орусияга басымды күчөтүү ниетин жарыялаган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Мерцтин Москва Германиянын ички ишине кийлигишип жатканы тууралуу сөзүнө «бул суроону психиатрга бериш керек» деп жооп бергенин ТАСС жазган.
Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын келишимге келүү үчүн Орусияга берген мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.
Орусиянын дрондору 31-августка караган түнү Украинанын Одесса облусун бутага алды. Жергиликтүү бийлик облустагы үчүнчү чоң шаар Черноморск катуу соккуга кабылганын билдирди.
Облуста төрт энергетикалык объект жабыркап, 29 миңдей киши жарыксыз калды. Бир киши жараат алганы кабарланды.
Херсон облусунда орус армиясынын соккуларынан бир киши каза таап, сегизи жараат алды. Турак жайлар, май куюучу жай жана башка объектилер зыян тартты.
Днепропетров облусунун Синельников районунда аткылоонун кесепетинен бир кишинин өмүрү кыйылды, алтоо жарадар болду.
Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, түнү менен Орусия 142 дрон менен чабуул койду, анын 126сы атып түшүрүлдү.
Акыркы апталарда эки тарап тең бири-биринин энергетикалык объектилерине чабуулду күчөттү.
Орусия Украинадагы согушту (Москва аны "атайын аскердик операция" деп атайт) токтотпой турганын 30-августта орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов билдирди. Анын айтымында, орус армиясы чабуул коюуну улантат.
Герасимовдун мындай билдирүүсүн Коргоо министрлиги жарыялады.
Маалыматта генерал 2025-жылдагы жазгы-жайкы кампанинын жыйынтыгын чыгарып, мындан аркы кадамдар тууралуу тапшырмаларды аныктаганы жазылган. Герасимов анда күз мезгилине тапшырма, милдеттер аныкталарын айткан. Ал стратегиялык демилге азыр толук орус армиясында экенин белгилеп, жайындагы чабуулдарда ийгилик болбогонун украин армиясы көп жоготууларга карабай каршы турганы менен түшүндүрдү. Ошол эле кезде Орусиянын жоготуулары тууралуу маалымат берген жок.
Валерий Герасимовдун айтымында, орус армиясы азыр Украинанын Луганск облусунун 99,7%, Донецкинин 79%, Запорожьенин 74%, Херсон облусунун 76% көзөмөлдөйт.
Бул маалыматтар негизинен көз карандысыз баалоолорго жакын, бирок Герасимовдун Донецк боюнча берген эсеби көбүрөөк. Башкы штабдын башчысы мындан тышкары Орусия Украинанын Сумы жана Днепропетров облустарындагы бир нече калктуу пункттарга көзөмөл орнотконун кошумчалады. Ушул аптада "Медуза" жана "Медиазона" 2025-жылдын августуна карата Украинадагы согуштагы Орусиянын жоготуулары 219 миңге жакындаганын иликтеп чыккан.
"Би-би-си", "Медиазона" жана ыктыярчылардын ачык булактардын негизиндеги тизмесинде августтун аягына карата бул сан 125 681 кишини түзгөн болчу.
Бирок бул көрсөткүч бардык жоготууну камтыбашы мүмкүн, анткени өлгөндөрдүн баарынын эле тизмеси ачык жарыяланбайт. 2023-жылы согушта Орусиянын 50 миңдей аскери каза тапса, 2024-жылы 93 миңге жеткен.
АКШнын президенти Украина, Орусиянын президенттери жана өзүнүн катышуусундагы үч тараптуу жолугушуу болот деген ишеничте.
Бул тууралуу ал 30-августта Daily Caller басылмасына курган маегинде айтты.
Трамп Зеленский менен Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болорунан күмөн санай турганын кошумчалап: "Эки тараптуу жолугушууну билбейм, бирок үч тараптуу кездешүү болот", - деп айтты.
Ал кайсы күнү жана кай жерде өтөрүн тактаган жок. Өзүнүн Путин менен жакшы ымаласын эске алып, согуш тезирээк токтойт деп ойлогонун кайталады. Бирок тараптар тынчтыкка даяр эмес болушу ыктымалдыгын кошумчалап, Украина менен Орусияны жаңжалын токтоо тууралуу чакырыктарга кулак салбаган балдардын урушуна салыштырды. Алар эртеби-кечпи өздөрү токторун белгиледи. Согушту улантуу "акылсыздык" болот деди.
Трамп Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери тууралуу айтып жатып, америкалык жоокерлер украин жергесине жиберилбей турганын, кепилдикти Европа өлкөлөрү камсыздарын, Америка зарыл учурда гана жардам берүүгө даяр болорун кошумчалады.
Өзү бийлик чылбырын кармап турган кезде Кошмо Штаттар Украинага түз курал-жарак жөнөтпөй турганын, аны НАТО өлкөлөрүнө сатарын, алар өз кезегинде Украинага жеткирерин да айтты.
15-августта Трамп Путин менен Аляскада жолугушкан, бирок азырынча тынчтык келишимдери түзүлө электигин айткан.
Трамп Зеленскийдин Путин менен көзмө-көз жолугушуу демилгесин колдогон. Кремль Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу белгилүү бир шарттар аткарылганда гана мүмкүн болорун айткан. Украин президенти Москваны эки тараптуу жолугушууну болтурбоо үчүн болгон күчүн жумшап жатат деп айыптаган.
Трамптын үч тараптуу жолугушуу тууралуу билдирүүсүнө Кремль азырынча комментарий бере элек.