АКШ өкмөтү Украинага узак аралыктагы ERAM ракеталарын сатуу маселесин жактырды
Жалпысынан 825 миллион долларлык келишим аркылуу ERAM ракеталарынан сырткары аларды колдонууда керектелчү аппараттар, кошумча бөлүктөр жана программалык камсыздоо кошо берилери каралган. Каражатты Дания, Нидерланды, Норвегия жана АКШнын чет элдик аскердик финансылоо программасы бөлүп бермекчи.
АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан маалыматта бул демилге Украинанын жана жалпы региондун коопсуздугун бекемдөө, абадан коргонуу кудуретин күчтөндүрүү максатын көздөй турганы айтылат.
The Wall Street Journal басылмасы буга чейин эң узак дегенде 450 километрлик радиусту камтый ала турган ракеталарды сатуу маселеси АКШ-Украина-Орусия саммитинен кийин чечилет деп жазган эле.
Бейшембиге караган түнү Киевге атылган ракеталар менен дрондордон өлгөндөрдүн саны 23кө жетти, төртөө жаш балдар. Дагы сегиз киши дайынсыз экенинбилдирди украин бийликтери. Бул күнкү чабуулдардан Днепропетровскиде эки киши каза тапты.
Украин тарап орус армиясы Киевге соккуда "Шахед" дрондорун жана ар кайсы ракеталарды, анын ичинде аэробаллистикалык Х-47М2 "Кинжалды" колдонду деп эсептейт. 29-августка караган түнү орус армиясы Украинага дагы 68 дрон менен чабуул жасады, Орусиянын Коргоо министрлиги бул түнү украиндердин 54 дронун жок кылганын кабарлады.
Бейшембиде Орусия Украинага каршы 600дөй дрон жана ракеталар менен сокку урган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш мамлекеттерин биргелешип Путинге басымды күчөтүүгө үндөдү.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков, соккулар тууралуу комментарий берип жатып, Москва сүйлөшүү процессинин уланышына кызыкдар экенин, армиянын "аскердик инфраструктурага чабуул коюшунан эч кандай карама-каршылык көрбөй жатканын" айтты.
Дрондордун сыныктарынан Орусиянын Орел шаарында эки имарат, Орел муниципалдык округунун башка аймактарында дагы эки имаратка зыян келтирилгенин губернатор Андрей Клычков билдирди.
Ал кайсы имараттарга дрон калдыгы тийгенин тактаган жок. Кийинчерээк Клычков Орелдо көп кабаттуу үй, чарба курулушу, автоунаа, ал эми Орел муниципалдык округунда эки жер тамга зыян келтирилгенин маалымдады.
Орелдун жашоочулары да шаарда жардыруулар тууралуу жазып жатышат. Astra Телеграм каналы шаарда болжолдуу түрдө дрондордун чабуулунун кесепети деген сүрөт, видеолорду жарыялады. Согуш шартында анын чын-бышыгын тактоо мүмкүн болбой турат.
Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августтагы күнүмдүк маалыматында сегиз аймакта, аннексияланган Крымда жана Кара деңиз акваториясында 54 дрон атып түшүрүлгөнүн, Орел облусунда эки учкучсуз аппарат кулатылганын жарыялады.
2025-жылдын августуна карата Украинадагы согуштагы Орусиянын жоготуулары 219 миңге жакындады.
Бул тууралуу "Медуза" жана "Медиазонанын" мурас иштери боюнча реестрди изилдегенден кийинки маалыматында айтылат.
"Би-би-си", "Медиазона" жана ыктыярчылардын ачык булактардын негизиндеги тизмесинде августтун аягына карата бул сан 125 681 кишини түзгөн болчу.
Бирок бул көрсөткүч бардык жоготууну камтыбашы мүмкүн, анткени өлгөндөрдүн баарынын эле тизмеси ачык жарыяланбайт.
Мурас иштери боюнча реестрди талдаган журналисттер жыл өткөн сайын орус армиясынын жоготуулары көбөйүп жатат деген тыянакка келишти.
2023-жылы согушта Орусиянын 50 миңдей аскери каза тапса, 2024-жылы 93 миңге жеткен.