Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21
Президент Эммануэл Макрон менен президент Владимир Зеленский Франциянын Вилакубле аскердик аэропортунда, 17-ноябрь, 2025-жыл.
Президент Эммануэл Макрон менен президент Владимир Зеленский Франциянын Вилакубле аскердик аэропортунда, 17-ноябрь, 2025-жыл.

Франция: Зеленский согуш учактарын алуу үчүн келишим түздү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:59 27.8.2025

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Днепропетров облусунун аймагында калктуу пункттар үчүн салгылашуу болуп жатканын ырастады.

Бирок Орусиянын армиясы облуста эки кыштакты басып алганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Башкы штабдын шейшембидеги маалыматына караганда, украин жоокерлери Запорожье жана Новогеоргиевка айылдары үчүн салгылашууда.

Эки айыл Днепропетровдун чыгышында, Донецк облусу менен чек арага жакын жайгашкан.

"Украин күчтөрү орусиялык баскынчылардын алга жылуусун токтотуп, Запорожье айылын көзөмөлдөөнү улантууда", - деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары Новогеоргиевка кыштагынын аймагында айыгышкан кармаш уланып жатканы кошумчаланган.

Буга чейин Башкы штаб орусиялык жана украиналык булактардын Днепропетров облусунун аймагындагы кармаштар тууралуу маалыматтарына комментарий берген эмес, аймакка орусиялык диверсиялык топтор кирип кетип жатканын моюнга алган.

Украиналык DeepState долбоору буга чейин орус армиясы Днепропетровдун аймагында согуштук аракеттерди жүргүзүп жатканын жазган.

Орусиянын Коргоо министрлиги аталган облустагы бир нече калктуу пункттарды, анын ичинде Запорожье менен Новогеоргиевканы алганын жарыялаган. Аталган чакан айылдар согуш тилкеси өткөн аймактарда, Запорожье, Донецк, Днепропетров облустары кесилишкен жерде жайгашкан, ал жакта чоң шаар-кыштактар жок.

15:16 25.8.2025

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украинада согуш жарым жылдан кем эмес убакта токтойт деп үмүт кылат. Бул тууралуу Вэнс NBC каналына маегинде билдирди.

Ал Дональд Трамп президент болгондон бери Орусия жана Украина сүйлөшүүлөрдө бир топ чегинүүгө барганын, соңку жумаларда чоң жылыш болгонун кошумчалады.

Вэнс Орусия тараптан чегинүү катары Кремль Украинадагы “кол бала режим түзүү” планынан баш тартып, бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн талашпай калды” деп билдирди.

“Акыр-аягында биз ийгиликке жетебиз же туңгуюкка кептелебиз. Эгерде ушундай абалга кептелсек, таасир этүү рычагдарын колдонуу менен сүйлөшүүлөрдү улантыш керек. Дал ушундай чечкинүү дипломатия согушка чекит коюшу керек”,- деп билдирген Вэнс.

АКШнын вице-президенти Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жатат деп эсептебей турганын белгилеген.

“Алар чынында эле айрым негизги талаптарына ийкемдүү болууга даяр экенин билдирди. Албетте, бардык шарттарга макул эмес, болбосо согуш аяктамак”, - деп кошумчалаган Вэнс.

  • 24-августта NBC News каналында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен маек чыккан. Анда Лавров украин жана орус президенттеринин жолугушуусу али макулдашыла электигин айткан. Москва дале Украина президенти Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү күмөндүү деген позицияда экенин кайталап, бул маселе Киев тынчтык тууралуу документтерге кол койгонго чейин чечилиши керектигин кошумчалаган.
  • Ага чейин Зеленский орус бийлигин өзүнүн Путин менен кездешүүсүн болтурбоо үчүн бардык аракетти көрүп жатат деп айыптаган.
09:49 25.8.2025

25-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусуна дрондор менен жапырт чабуул койду. Бул тууралуу Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын айтымында, аймакта дрондор кеминде он жерге тийип, өрт чыкты. Алардын арасында киши жашаган үйлөр да бар.

Болжолдуу маалыматка караганда, курмандыктар жок, жабыркагандардын саны такталууда.

09:45 25.8.2025

Москванын мэри Сергей Собянин эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ал 25-августта билдиргендей, Москваны көздөй учурулган дрондор кулаган жерде тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG