Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын борбору Вашингтонго барды. Ал 18-августта Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Аляскадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Вашингтондогу сүйлөшүүлөргө Британия, Италия, Германия, Франция, Финляндиянын президенттери, НАТОнун баш катчысы жана Еврокомиссиянын төрайымы катышат.
Сапар алдына Владимир Зеленский Брюсселге токтоп, Евробиримдиктин жетекчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн. Андан кийин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен кандай гана тынчтык келишими болбосун, анын башкы жыйынтыгы адамдардын өлүмүн токтотуу болушу керектигин билдирген.
Зеленский Фейсбуктагы баракчасындагы соңку билдирүүсүндө Трампка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, согушту эртерээк токтотууга кызыкдар экенин жазды. Украин президенти бул үчүн согушту баштаган Орусия токтошу керек экенин кошумчалады.
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маалында Украинадагы согушту токтотуунун шарттарынын бири катары аннексияланган Крым жарым аралын Орусияныкы деп таанууну талап кылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Анда Крымды Орусияныкы деп АКШ эле таанышы керекпи же Украина жана Европанын башка өлкөлөрү да дал ушундай шартка көнүшү керекпи, так айтылган эмес. Reuters сүйлөшүү маалында Путин Орусияга киргизилген санкциялардын кеминде бир бөлүгүн жокко чыгарууну да сунуш кылганын кабарлады.
Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгынын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек. Расмий Киев мындай сунушка көнбөсүн, өз аймагынан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.
DeepState долбоорунун маалыматы боюнча, Орусия учурда Донецк жана Луганск облустарында 440 чакырым аймакты көзөмөлдөп турат. Ал эми Украина болсо Донбасстагы 6600 чакырым аймакты өз көзөмөлүнөн чыгара элек.
Аляскадагы сүйлөшүүлөр маалында Орусиянын жетекчилиги Украинанын айрым аймактарында орус тилине расмий макам берүүнү жана Орус православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салбоону да сунуштаган.
15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жана шарттары тууралуу 18-августта Украина жана Европанын бир нече лидери Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулашат. АКШ бийлигинин Орусия менен сүйлөшүүлөрүндө маанилүү ролду ойноп жаткан Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф CNN телеканалына маегинде Москва Украинанын беш аймагы боюнча "айрым чегинүүлөргө" макул болгонун, бул маселелер Вашингтондо Зеленский менен сүйлөшүүлөрдө талкууланарын билдирди.
АКШ Москва менен тынчтык келишимине жетишилген учурда Украинага жамааттык коргонуу жөнүндөгү НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштады.
Ал эгерде жаңы согуш тутанса, кепил болгон мамлекеттер агрессорго куралдуу жооп кайтарат дегенди түшүндүрөт.
Бул тууралуу The Telegraph гезити Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин жазды. Ушул темада талкуу болгонун CNN менен "Украинская правда" да ырастады.
Telegraph жазганына караганда, Вашингтондун сунушуна ылайык мындай кепилдикти Украина бир гана АКШдан эмес, Европадагы башка өнөктөштөрдөн да алат. Москва буга макул экени кабарланууда.
2022-жылы мындай кепилдиктер Москва менен Киевдин ортосундагы тынчтык келишиминин долбооруна киргизилген. Анын баштапкы вариантына ылайык, АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Кытай кепил мамлекеттер катары тизмеге кошулушу керек эле. Киев Түркияны, ал эми Москва Беларусту кошууну каалаганын Foreign Affairs журналы жазды.
Fox News телеканалы АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге жазган катынын мазмунун жарыялады. Катты Путинге АКШнын президенти Дональд Трамп 15-августта Аляскадагы жолугушууда тапшырган.
Путин аны америкалык жана орусиялык делегация өкүлдөрүнүн катышуусунда дароо окуганы кабарланды.
"Ар бир баланын жүрөгүндө бирдей кыял бар, ал айылдабы же чоң мегаполисте төрөлгөнбү, айырмасы жок. Алар сүйүү, мүмкүнчүлүктөр жана коопсуздук жөнүндө кыялданат", — деп жазылган катта.
Мелания Трамп «азыр дүйнөнүн кээ бир балдары күлкүсүн ичине катууга аргасыз экенин» айткан.
"Путин мырза, жалгыз сиз гана алардын шыңгыр күлкүсүн кайтара аласыз. Бул бейкүнөө балдарды коргоо менен сиз Орусияга гана кызмат кылбастан, бүткүл адамзатка жакшылык кылган болосуз", - деп жазган биринчи айым.
Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Алясканын Анкориж шаарындагы жолугушуусунда Украинадагы согушту токтотуу маселеси талкууланган.