Орусиянын армиясы 1-майдын кечинде Украинанын Запорожье шаарына сокку уруп, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча 29 киши жараат алды. Арасында 13 жаштагы бала да бар.
"Орусиялыктар шаардын жарандык инфраструктурасына сокку урду. Турак жайлар, университет жана инфраструктура объектиси зыян тартты", – деп жазды Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров Телеграмга.
2-майдагы маалыматка караганда, соккуда жараат алган 12 киши ооруканада жатат. Буга чейин украин тарап аткылоодо бир киши каза тапканын маалымдап, кийинчерээк куткаруучулар ал адамды уранды алдынан тирүү алып чыкканын тактады. Куткаруу иштери уланып жатканы маалымдалды.
Орусия тарап сокку тууралуу маалымат бере элек.
Украинанын Одесса шаарында Орусиянын соккусунда жараат алгандар 15ке жетти
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдиргендей, орус аскерлеринин дрон чабуулунан эки киши каза тапты, жараат алгандар 15ке жетти. Көп кабаттуу үйлөр, дүкөн, мектеп жана автоунааларга зыян келтирилди.
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде куткаруучулар 200дөн ашуун кишини эвакуациялады.
Орусия тарап Одессадагы чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Америка Кошмо Штаттарынын Каржы министрлиги АКШ менен Украина 30-апрелде минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшканын жарыялады.
АКШнын каржы министри Скотт Бессент муну президент Дональд Трамптын талыкпаган аракети менен жетишилген тарыхый келишим десе, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фонд 50/50 пайыз деген негизде түзүлүп жатканын жана “эки тарап тең добуш берүү укугуна ээ” деп билдирди. Ошондой эле Украина “жер казынасын, инфраструктурасын жана жаратылыш ресурстарын толук көзөмөлдөйт” деди.
Денис Шмыгалдын маалыматы боюнча, келишимде Украина тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары келишим Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.
Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.
Дональд Трамп бул келишим АКШнын акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет.