Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия лидери Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө байланыштуу согушту үч күнгө токтотуу сунушун катуу сынга алды. 28-апрелде Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу ок атышууну убактылуу токтотууну сунуштаган.
Зеленский бул сунушту шылдың катары кабыл алып, атышууну токтотууну күтүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты:
"Эмнеге баары 8-майга чейин күтүп, анан гана атышууну токтотушат? Болгону Путиндин парады учурунда тынчтык болсун деген шылтоо. Биз үчүн парад эмес, адам өмүрү кымбат. Атышууну токтотуу үчүн 8-майга чейин күтүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экенине ишенебиз, дүйнө да ишенет. Бир нече күнгө токтотуп, кайрадан адамдарды өлтүрүп баштоонун эмне кереги бар? Ок атышууну жок дегенде 30 күнгө дароо, толук жана эч кандай шартсыз токтотуу керек".
Украин президенти ошондой эле АКШ тарабынан сунушталган ок атышууну токтотуу демилгеси дагы эле күчүндө экенин эске салды. Вашингтондун демилгесине украин бийлиги макул болгон. Ал эми Орусия ар кандай шарттарды коюп, азырынча четке кагууда. Ушуну менен соңку бир айда Кремль ок атышууну убактылуу токтотууну экинчи жолу сунуштап жатат. Буга чейин Пасха майрамын утурлай ушундай демилге көтөрүлгөн. Бирок анда эки тарап тең келишимдин шартын бузуп, ок атты деп бири-бирин айыптаган.
28-апрелде Украинада орус соккусунан каза болгон 17 жаштагы Даниял Худиянын тажыясы өттү. Ал Киевдеги ракеталык чабуулда набыт болгон. Бул чабуулда анын ата-энеси да каза тапкан. Жалпысынан 12 адамдын өмүрү кыйылган.
Украинанын Днепропетров облусунда Орусиянын дрон чабуулунда 12 жашар кыздын өмүрү кыйылды.
Дагы төрт киши, анын ичинде алты жашар бала жараат алды. Дрон чабуулу шейшембиге караган түнү болгонун Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак Телеграмга жазды.
Анын айтымында, дрон Самаровск районунда турак жайга тийген. Уранды алдынан үч киши менен бала тирүү чыгарылган.
Никополь районунда учкучсуз учактын соккусунда 47 жаштагы аял жараат алды.
Орусиянын армиясы 29-апрелге караган түнү да Украинанын башкалаасы Киевге дрондор менен сокку урду.
Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.
«Деснянский районунда дрон калдыгынан эс алуу базасынын үч кабаттуу имараты күйүп кетти. Азырынча бир киши жараат алганы тууралуу маалымат түштү. Дарыгерлер ага жеринде жардам көрсөтүштү», — деди ал.
Орусия тарап комментарий бере элек.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA агенттиги жазган маалыматка караганда, аскерлерди жөнөтүү "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын буйругуна" ылайык жана эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге ылайык жүзөгө ашырылган.
"Украинанын бийлигинин Орусия Федерациясына жасаган авантюристтик кол салуусунун мизин кайтаруу максатында Курск облусун бошотуу боюнча операциялар жеңиш менен аяктады", — деп жазды агенттик.
Андан тышкары Пхеньянда "Түндүк Кореянын эр жүрөк уулдарынын баатырдыгына арналган эстелик тургузулары жана курман болгон жоокерлердин бейиттерине эл гүл коюп, алардын түбөлүк өмүрүн каалары" белгиленген. Бул согушта канча түндүк кореялык канча аскер набыт болгону белгиленген эмес.
Пхеньяндын бул билдирүүсү орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Курск облусундагы согуштук кырдаал тууралуу маалымдаган соң жарыяланды. Анда генерал Орусиянын президенти Владимир Путинге аймактагы кырдаал тууралуу баяндап жатып, "түндүк кореялык аскерлер облусту бошотууда чоң жардам көрсөткөнүн" билдирди.
Түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги буга чейин эле кабарлап келген. Москва менен Пхеньян расмий бышыктаган да эмес, так четке каккан да эмес.
Дүйшөмбүдө Путин Курск облусунда салгылашкан түндүк кореялык аскерлерге ыраазычылык билдирди.
"Орустялык жоокерлердин катарында туруп, өз мекенин коргон жаткандай салгылашка корей жоокерлеринин баатырдыгына, жогорку деңгээлдеги атайын даярдыгына жана жан аябас эрдигине терең таазим кылабыз", - деп айтылат Кремль тараткан билдирүүдө.
Пхеньян менен Москванын ортосундагы бири-бирине аскердик жардам көрсөтүүнү камтыган келишим өткөн жылдын июнь айында, Путин Түндүк Кореяга баргандакол коюлган. Август айында украин аскерлери Орусиянын Курск облусунда атайын операция баштап, бир топ аймактарды өз көзөмөлүнө алган.
Октябрда Москва менен Пхеньяндын ортосундагы келишим ратификацияланган жана дээрлик ошол эле учурда Түндүк Корея аскерлеринин жөнөтүлгөнү жана алардын согуштук аракеттерге катышканы тууралуу маалыматтар чыга баштаган.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы түндүк кореялык контингенттин саны 10 миңден ашканын жана чоң жоготуулар болгонун билдирген. Бирок бул жоготуулар боюнча көз карандысыз ырастоолор жок. Январь айынын башында украин аскерлери түндүк кореялык эки жоокер туткунга түшкөнүн жарыялаган.
Түндүк кореялык аскерлердин аннексияланган Крымда же Украинанын башка аймактарындагы согуштарга катышканы тууралуу маалыматтар болгон эмес. Москва менен Пхеньяндын акыркы билдирүүлөрүндө да сөз негизинен Орусиянын Курск облусу тууралуу болуп жатат.