Орусиянын соңку соккуларынан Украинанын Донецк облусунда үч райондогу калктуу пункттар жабыркаганын 3-апрелде облустук аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин билдирди. Анын айтымында, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылды, жети адам жараат алды, үйлөр, административдик имараттар зыян тартты.
Облустун фронт тилкесине жакын айыл-кыштактарынан 175 адам эвакуацияланды, анын 29у балдар.
Ал эми Херсон облусунда орус аскерлеринин аткылоосуна 25 калктуу пункт кабылганын губернатор Александр Прокудин айтты. Анын билдиришинче, калктын жашоосун камсыздоочу негизги инфраструктура жабыркады, төрт киши жараат алды, айрым үйлөр талкаланды.
Николаев жана Запорожье облустарынын башчылары да аймактары Орусиянын чабуулуна кабылганын маалымдашты.
Днепропетров облусунда Кривой Рог шаарына 2-апрелде жасалган чабуулдан каза болгондор саны төрткө, жараат алгандар 17ге жеткени, ал эми Харьков облусунун административдик борбору Харьков шаарында беш киши жараат алганы кабарланды.
3-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Чернигов облусуна барды. Ал аталган аймактагы элге колдоо көрсөтүү, орус аскерлеринин мыкаачылыгынын курмандыгы болгон адамдарды эскерүү үчүн барганын Телеграм каналына жазды.
Кечээ Зеленский Днепропетров аймагына барып, майданда жараат алган аскерлерден кабар алган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы маалымдагандай, 3-апрелге караган түнү жалпысынан Орусия Shahed дрондорунан 39ду учурду, анын 28и атып түшүрүлдү.
Украина орус аскерлери басып алган аймактардан дагы эки баланы кайтарды. Бул тууралуу украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак билдирди.
"Алардын бири - энесиз калган эркек бала. Анын апасы Орусиянын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Баланы аман сактап калуу үчүн анын тууганы жардам сурап кайрылып, ал эвакуацияланган".
Ермактын айтымында, балага "камкордук жана колдоо көрсөтө алган" үй-бүлө изделип жатат.
Экинчиси - Орусия оккупациялап алган аймактан чыга албай энеси менен калып калган кыз.
Киевдин расмий маалыматы боюнча, кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Украинадан Орусияга 19 546 бала чыгарылып кеткен. Бул расмий түрдө катталган учурлар. Орусия өз кезегинде 700 миң бала чыгарылганын айтып келет.
Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоо үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылдын 17-мартында Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.
2-апрелге караган түнү Орусиянын Ростов облусундагы Таганрог шаарында дрон сыныктары көп кабаттуу эки турак жайга түшүп, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Маалыматка караганда, бир адам жабыркады.
Ростов-на-Дону аймагынын башчысы Юрий Слюсарь 85 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кабарлады. Ошол эле кезде бийликтин маалымына караганда, турак жайлар зыян тарткан эмес жана тургундар үйлөрүнө кайтып барса болот.
Таганрог шаарынын башчысы Светлана Камбулова шаршемби эртең менен дрон сыныктары үч жерден жана темир жол районунан табылганын кабарлады. Алардын баары жок кылынды.
Курскинин губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн зыянсыздандырылган дрондун сыныктары турак жайдын чатырына түшкөнүн билдирди. Көп кабаттуу үйдүн 60ка жакын тургуну эвакуация болду. Арасында жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-апрелге караган түнү жалпы 93 учкучсуз учак атып түшүрүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү Курск облусунун үстүнөн жок кылынды.
Украинанын аскердик күчтөрү Орусияга болгон чабуул тууралуу комментарий берген жок.