2-апрелге караган түнү Орусиянын Ростов облусундагы Таганрог шаарында дрон сыныктары көп кабаттуу эки турак жайга түшүп, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Маалыматка караганда, бир адам жабыркады.
Ростов-на-Дону аймагынын башчысы Юрий Слюсарь 85 тургун коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кабарлады. Ошол эле кезде бийликтин маалымына караганда, турак жайлар зыян тарткан эмес жана тургундар үйлөрүнө кайтып барса болот.
Таганрог шаарынын башчысы Светлана Камбулова шаршемби эртең менен дрон сыныктары үч жерден жана темир жол районунан табылганын кабарлады. Алардын баары жок кылынды.
Курскинин губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн зыянсыздандырылган дрондун сыныктары турак жайдын чатырына түшкөнүн билдирди. Көп кабаттуу үйдүн 60ка жакын тургуну эвакуация болду. Арасында жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-апрелге караган түнү жалпы 93 учкучсуз учак атып түшүрүлдү. Алардын басымдуу бөлүгү Курск облусунун үстүнөн жок кылынды.
Украинанын аскердик күчтөрү Орусияга болгон чабуул тууралуу комментарий берген жок.
2-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушуп жүргөн 600 казакстандыктын аты-жөнүн жарыялады.
Долбоордун маалыматы боюнча, 2022-жылдан бери Казакстандын 661 жараны Орусия тарапта согушка катышып, алардын кеминде 78и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
"Белгилей кетсек, Казакстанда жалданмачылык Кылмыш-жаза кодекси боюнча жазаланат. Орус армиясында кызмат өтөп аман калгандар мекенине кайтып келгенден кийин мүлкү конфискацияланып, 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деп жазды аталган долбоордун өкүлдөрү.
Маалыматка караганда, Борбор Азиянын жарандарын орус армиясына тартуу негизинен үч жол менен ишке ашат: алдамчылык, ири суммадагы акча убада кылуу же басым көрсөтүү жолу менен.
Орусиялык жалданма аскерлердин катарында Украинада согушкан казакстандыктардын так саны белгисиз.
"Азаттыктын" журналистери буга чейин табылган маалыматтар менен жаңы тизмени салыштырып көрүп, аскерлердин аты-жөнү жана деталтары дал келерин аныктай алды.
Украина Евробиримдиктин Ukraine Facility жардам фондунан кезектеги, үчүнчү транш алганын украин премьер-министри Денис Шмыгаль 1-апрелде билдирди. Бул жолку 3,5 млрд еврону кошкондо аталган фонд аркылуу соңку бир жыл ичинде бөлүнгөн жардамдын жалпы суммасы 19,6 млрд еврого жетти.
"Бул каражат бизге макроэкономикалык туруктуулукту мындан ары да сактап турууга жардам берет, - деди украин өкмөт башчысы.
Евробиримдик бул жардамы "Украинанын макрофинансылык туруктуулугун бекемдөөгө, анын мамлекеттик башкаруу системасын колдоого жана узак мөөнөттүү маанилүү реформаларын илгерилетүүгө көмөк болоруна" ишенимин билдирди. Биримдиктин билдирүүсүндө Киев жаңы транш алуу үчүн бардык шарттарды аткарганы белгиленди.
Еврошаркеттин Украинага колдоо көрсөтүүчү, жалпы суммасы 50 млрд евролук Ukraine Facility фонду 2024-жылдын 1-мартында түзүлгөн. Бул биримдиктин тарыхында ага мүчө эмес мамлекетке ушунчалык чоң суммадагы каражат бөлүнгөн алгачкы фонд. Ал 2024-2027-жылдары Украинаны калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо үчүн грант жана насыя түрүндө туруктуу каржылоо жүргүзүү максатын коюуда. Акча украин өкмөтү жана шаркет чогуу макулдашкан планга ылайык бөлүнүп турат.
Орусия Украинанын аймагын аткылоосун 2-апрелге караган түнү да улантканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Адам өмүрү кыйылып, имараттар зыян тартканы маалымдалды.
Фронт тилкесине жакын жайгашкан Запорожье облусунда орус аскерлеринин соккусунан бир киши каза болгонун, эки киши жараат алганын жергиликтүү аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди.
«45 жаштагы эркек каза тапты. Дагы эки киши – 44 жаштагы эркек жана 39 жаштагы аял жараат алды», – деп жазды ал Телеграм каналына.
Федоровдун айтымында, орусиялык дрондор үйдүн жанында турган машиналарды бутага алган.
Ал тапта Харьков шаарында жараат алгандардын саны сегизге жеткенин шаар башчысы Игорь Терехов кабарлады.
Анын айтымында, согуштук дрондор менен жалпысынан 15 сокку урулду.
Харьков облустук прокуратурасынын маалыматына караганда, жараат алгандар арасында балдар да бар. Алар 9 айлык наристе жана 7 жашар бала, 16 жаштагы кыз.
Мекеме белгилегендей, дрон соккусунан айрыкча өнөр жай зонасы зыян тартты, айрым жерлерде өрт чыкты, жалпысынан 20 үй талкаланды. Чабуул коюлган жерден күч кызматкерлери «Герань-2» учкучсуз учагынын сыныктарын табышты.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.
Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат.