Орусия 5-марттын кечинде Украинанын Кривой Рог шаарына урган ракеталык соккудан, баштапкы маалымат боюнча, эки адам мүрт кетип, 29 киши жарадар болгону кабарланган. Ракета тийген имараттан өрт чыккан.
Соңку маалымат боюнча, каза тапкандардын саны төрткө жетти, жараат алгандар 31 киши болууда.
Калаанын коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул жаракат алгандардын арасында балдар бар экенин, 20 адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирди.
Ракета “Центральный” деп аталган мейманкананын имаратына тийип, ал катуу жабыркаган. Куткаруу иштери улантылып жатат.
Харьковдо дрон көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши жабыркаган.
Орусия Украинага согуш ачканына быйыл 24-февралда туура үч жыл болду. Бул убакыт ичинде көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.
Ошол эле маалда Орусиянын аймагы да утур-утур дрон чабуулуна кабылып турат. Кремль кол салууну Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана жоопкерчилик албаса, негизинен комментарий бербейт.
Кошмо Штаттар Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотту. Бул тууралуу өз булактарына таянып, британиялык Financial Times (FT ) гезити жазды. Кийинчерээк муну АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф тастыктады.
Гезит чалгынчылар бөлүшкөн маалыматсыз украин куралдуу күчтөрүнө орусиялык аскерлерге каршы натыйжалуу согушуу кыйын болорун белгилейт.
Ошол эле маалда Киевдеги расмий адамдардын бири Bloomberg агенттигине билдиргендей, Украина АКШдан чалгын маалыматтарды алууну улантууда.
FT булактарынын бирине шилтеме менен жазгандай, Вашингтон чалгын кызматтарынын Орусия жана Украинага байланышкан маалыматтары менен мурдагыдай эле бөлүшө берет. Буга чейин Daily Mail басылмасы АКШ Лондонго америкалык маалыматты Украинага өткөрүүгө тыюу салганын маалымдаган.
Шейшембиде Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтоткону кабарланган. Администрация бул тууралуу расмий билдирүү таратпаганы менен, бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазган.
28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашкан.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына "ыраазы болбой" жатканын айтышкан. Украин президенти Ак үйдөн чыгып кетип, эч кандай документке кол коюлбай, эки лидердин пландалган биргелешкен маалымат жыйыны да өтпөй калган. Бул күнү эки өлкө Украинанын кен байлыктары боюнча келишимге кол коюшмак.
Президент Трамп 5-мартта (АКШда 4-март) Конгресстеги кайрылуусунда украин лидери Зеленскийден тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргени тууралуу кат алганын айтты. Ошондой эле Трамп Украина кен байлыктар боюнча келишимге "каалаган убакта кол коюуга даяр" экенин кошумчалады.
Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айткан. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин билдирген.
Шейшембиде Зеленский Трамп менен Ак үйдөгү кайым айтышууга өкүнөрүн айтты.
5-мартка караган түнү орусиялык дрондор Украинанын жер-жерине чабуул койду. Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Лиманка айылында 77 жаштагы киши каза тапканын маалымдады.
Одессанын жака белинде бир нече жер там зыян тартты, облус борборунда маанилүү инфраструктура иштен чыгып, шаардын бир бөлүгүнө суу, электр жарыгын, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.
Орусиянын армиясы ошондой эле Белгород–Днестр районуна баллистикалык ракета менен сокку урганда санаторийдин ээн турган имараты талкаланганын облус губернатору билдирди.
Украинанын Ички иштер министрлиги Одессадагы кыйроолорду масштабдуу деп баалады.
Ушул эле түнү орус аскерлери Херсондо эки районду аткылады. Аймактын башчысы Александр Прокудин 55 жаштагы тургун жарааттардан набыт болгонун, бир нече киши жараат алганын билдирди. Облус бийлиги бир суткада алты киши жабыркаганын кошумчалады.
Орусиянын маалымат каражаттары Одессада жарылуулар болду деп жазганы менен аларга пилотсуз учактардын соккулары тууралуу кабарлаган жок.
АКШ президенти Дональд Трамп 5-мартта (АКШда 4-март) Конгресстеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленскийден ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргени тууралуу кат алганын айтты. Ошондой эле Трамп Украина кен байлыктар боюнча келишимге каалаган убакта кол коюуга даяр экенин кошумчалады.
"Мен украин президенти Владимир Зеленскийден маанилүү кат алдым. Катта: "Украина бекем тынчтыкты жакындатыш үчүн сүйлөшүүнү болушунча тезирээк жүргүзүүгө даяр. Тынчтыкты украиндерден артык каалап жаткан эч ким жок" деди ал", — деп билдирди Трамп.
АКШ президенти ар апта сайын согушта 2000 кишинин — жаш орусиялыктардын жана жаш украиндердин өмүрү кыйылып жатканын айтты.
"Мен мындайдын токтошун каалайм", — деп ал Кошмо Штаттар "балким, 350 миллиард доллар" коротконун, ал эми Европа болгону 100 миллиард доллар бөлгөнүн кошумчалады.
Трамп Зеленский менен кайым айтышуусу тууралуу эч нерсе айткан жок, болгону "Биз аны менен жакшы мамиледебиз, ар нерсе боло берет да", — деп гана билдирди.
Кошмо Штаттардын президентинин айтымында, Ак үй "Орусия менен да олуттуу сүйлөшүү жүргүзүүдө". "Биз алар тынчтыкка даяр экени тууралуу күчтүү сигналдарды алдык", — деди Трамп.
4-мартта АКШ президенти Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтоткону кабарланган. Администрация бул тууралуу расмий билдирүү таратпаганы менен, бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазышкан.
28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашкан.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына "ыраазы болбой" жатканын айтышкан. Украин президенти Ак үйдөн чыгып кетип, эч кандай документке кол коюлган эмес, эки лидердин пландалган биргелешкен пресс-конференциясы да өтпөй калган. Бул күнү эки өлкө Украинанын кен байлыктары боюнча келишимге кол коюшмак.
Америкалык тарап демилгелеген келишимдин долбоору кандай экени расмий түрдө так айтыла элек. Маалыматтарга караганда, бул документке кол коюлса АКШ Украинанын айрым минералдык ресурстарын, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарын казууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, Трамп талап кылып жаткандай, Украинанын буга чейин алган аскердик жардамынын акысы жана келечектеги тынчтыгынын кепилдиги болот. Зеленский келишимдин баштапкы долбооруна макул болбой, кол коюудан баш тартып койгон. Кийинки долбооруна макул болуп, 28-февралда кол коюу үчүн Вашингтонго барган.
Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айткан. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин билдирген.