Беш миллиард доллар Украинага которулат
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул өлкөнүн өкмөтү Орусиянын камакка алынган активдеринен 5 миллиард долларды Украинага которуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-февралда Киевге барганда айтты.
Трюдо жана Европа Биримдигине мүчө бир катар өлкөнүн лидерлери бүгүн Украинанын борбор калаасында согуштун курмандыктарын эскерүү иш-чараларына катышып жатат.
Канаданын өкмөт башчысы Украинага LAV II аскердик машиналарынан 25, F-16 тренажерунан төртөө жана башка жабдык, курал берилерин кошумчалады.
Туткун айырбаштоо боюнча жаңы сунуш
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен туткун айырбаштоо боюнча жапырт жараян уюштурууга чакырды.
Киевде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин лидерлери менен жолугушууда ал мындай кадам ортодогу өз ара ишенимди бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.
Бирок ал Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечегине байланыштуу күмөн ойдо болуп жатканын билдирди.
«Путин бизге тынчтыкты тартуулап берип койбойт. Аны кайсы бир нерсеге айырбаштабайт. Биз тынчтыкка күч менен, акыл калчап, биримдик аркылуу жетише алабыз», - деди Зеленский.
Алматыда Украинаны колдогон акцияга уруксат берилген жок
Казакстандын Алматы шаарындагы Республика аянтына Украинаны колдоп 24-февралда жалгыз пикетке чыккан орусиялык жаранды полиция кармап кетти.
Тимофей Морозов акцияга "Украина жеңет, Орусия эркин болот" деген жазуу менен чыккан.
Анын айтуусуна караганда, бийликтен акция өткөрүүгө уруксат алган эмес. Морозов 2024-жылы Орусиядан Казакстанга көчүп келгенин кошумчалады.
Ал Казакстанда "өзүн коопсуз сезерин, бирок бул акция үчүн басым болушу мүмкүн экенин" божомолдогон.
Акцияны баштагандан көп өтпөй полиция өкүлдөрү андан пикетти токтотууну суранышкан.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жыл болду.
Бүгүн дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өтүп жатат.
Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте 30га чукул активист Украинанын элчилигинин алдында көңүл айтуу иш-чарасына чогулду.
Ондон ашуун мамлекеттин лидерлери Киевге барды. Украин баш калаасында бүгүн атайын саммит өткөрүлөт. Президент Владимир Зеленскийдин айтуусуна караганда, ага дагы ондогон мамлекеттин жетекчилери видео байланыш аркылуу катышат.
Европа лидерлери Киевде чогулууда
Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Литванын жана Латвиянын президенттери Гитанас Науседу жана Эдгарс Ринкевичс, Эстония менен Испаниянын өкмөт башчылары, андан тышкары Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта 24-февралда барышты.
Фон дер Ляйен украин баш калаасына баргандан кийин X социалдык түйүнүнө "Украина - бул Европа болгон үчүн бүгүн Киевдебиз. Бул жашоо үчүн күрөштө Украинанын эле тагдыры эмес, Европанын дагы тагдыры турат", - деп жазды.
Анын айтуусуна караганда, Украинага Евробиримдик март айында 3,5 млрд евролук жаңы жардам көрсөтөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтуусунда, бул күнү Киевде өткөрүлө турган саммитке 13 мамлекеттин лидери барат. Андан тышкары видеобайланыш аркылуу 24 мамлекеттин президенти же өкмөт башчысы катышат.
Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамп Украианага жардамды кескин кыскартарын билдирип, согушту токтотуу аракеттерин күчөтүп жаткан маалда жасалууда.
Ал арада Орусиянын армиясы 24-февралга караган түнү Украинанын аймагына 185 "Шахед" дрону менен сокку урду. Бул тууралуу украин армиясы билдирди. Жыйынтыгында Днепропетров, Одесса, Киев жана облустарында инфратүзүмдөр жана карапайым адамдар жашаган турак жайлар жабыркады.