Европа лидерлери Киевде чогулууда
Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Литванын жана Латвиянын президенттери Гитанас Науседу жана Эдгарс Ринкевичс, Эстония менен Испаниянын өкмөт башчылары, андан тышкары Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта 24-февралда барышты.
Фон дер Ляйен украин баш калаасына баргандан кийин X социалдык түйүнүнө "Украина - бул Европа болгон үчүн бүгүн Киевдебиз. Бул жашоо үчүн күрөштө Украинанын эле тагдыры эмес, Европанын дагы тагдыры турат", - деп жазды.
Анын айтуусуна караганда, Украинага Евробиримдик март айында 3,5 млрд евролук жаңы жардам көрсөтөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтуусунда, бул күнү Киевде өткөрүлө турган саммитке 13 мамлекеттин лидери барат. Андан тышкары видеобайланыш аркылуу 24 мамлекеттин президенти же өкмөт башчысы катышат.
Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамп Украианага жардамды кескин кыскартарын билдирип, согушту токтотуу аракеттерин күчөтүп жаткан маалда жасалууда.
Ал арада Орусиянын армиясы 24-февралга караган түнү Украинанын аймагына 185 "Шахед" дрону менен сокку урду. Бул тууралуу украин армиясы билдирди. Жыйынтыгында Днепропетров, Одесса, Киев жана облустарында инфратүзүмдөр жана карапайым адамдар жашаган турак жайлар жабыркады.
Согуштун курмандыктарын эскерүү акциясы Бишкекте да өттү
24-февралда Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде 30га чукул активист көңүл айтуу акциясын өткөрүштү.
Катышуучулар үч жылдан бери согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты.
Активисттер менен украин элчиси Валерий Жовтенко жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер баштаган дипломаттар жолугуп, ыраазычылык билдиришти.
Орусия мындан туура үч жыл мурда - 2022-жылы, 24-февралда Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет, фронттогу абал да чыңалган бойдон турат.
Орусиянын Рязань облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго жыл башынан бери үчүнчү ирет дрондон чабуул коюлду. Орусиялык Телеграм-каналдар бул ишкананын аймагында өрт тутанганы тартылган видеолорду чыгарып жатышат.
Мунай заводунун зыян тартканы азырынча расмий ырастала элек. Жабыркагандар боюнча да маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлиги дрон соккуларын жок кылганы боюнча отчетунда Рязань облусун белгилеп, бул аймакта эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын аскердик мекемеси Орлов облусунан 16, Брянскиден үч жана аннексияланган Крымдын үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Рязандагы мунай заводуна чабуул коюлганы боюнча маалымат 24-26-январь күндөрү жарыяланган. Биринчи жолу сокку урулганда мунай заводдун жанындагы Ново-Разянь жылуулук борбору да бутага алынган.
26-январда экинчи чабуул болгонун Украинанын куралдуу күчтөрү ырастап, ишкананын аймагында жарылуу болуп, өрт тутанганын, бул заводдо орус армиясы үчүн дизель жана реактивдүү отун өндүрүлөрү айтылган.
ASTRA басылмасы бир жыл ичинде украин күчтөрү Орусиянын аймагындагы 27 энергетикалык объектиге чабуул койгонун эсептеп чыккан. Негизинен бул чабуулдар дрондор менен жасалган, сокку урууда ракеталар да колдонулган. Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу жана Воронеж облусундагы мунай базасы бир нече жолу бутага алынган.
Рязань мунай заводу 1960-жылы колдонууга берилген. Учурда ал “Роснефть” ишканасынын карамагында турат.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер келерки аптада Вашингтонго сапарынын алкагында АКШ президенти Дональд Трампты Украинада ок атышуу келишими кабыл алынса, ал аймакка бейпилдик күчтөрүн киргизүүгө ынандырууга аракет кылат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Басылма Украинага европалык өлкөлөрдөн 30 миңге чейин аскер жөнөтүү планы тууралуу жазган. Өз аскерлерин жөнөтүүнү каалабаган АКШдан тынчтык орнотуучу күчтөрдү коргоо жана Орусиянын ок атышууну токтотуу режимин бузушуна жол бербөө үчүн Европа үчүн жетишпеген аскердик ресурстарды берүүнү суранышат.
Мисалы, АКШ коңшу өлкөлөрдөгү абадан коргонуу системаларын колдонушу мүмкүн, алар Украинанын айрым аймактарын коргойт. Европада, Украинанын сыртында жайгашкан америкалык авиация европалык тынчтык орнотуучулар коркунучка кабылган учурда даяр абалда турушу мүмкүн.
The Wall Street Journal британ аткаминерлеринин пикирин келтирип, тынчтык орнотуу миссиясын коргоодо америкалык колдоо чечүүчү роль ойной турганын жана бул башка европалык өлкөлөрдү Украинага бейпилдик күчтөрдү жөнөтүүгө түрткү бериши мүмкүн экенин жазды.
Эммануэл Макрон европалык лидерлердин арасынан биринчи болуп Украинага француз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин айтып чыкты. Кир Стармер да эгерде тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштыруу Орусия менен тынчтык келишимдеринин бир бөлүгү болсо, аскерлерин жөнөтө турганын айтты. Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү да өлкөнүн аскер кызматкерлерин бейпилдик миссиясына катышуусун четке каккан жок.
Бирок кийин Олаф Шольц Берлин мындай шартка миссияга АКШ катышкан учурда гана макул экенин тактаган. Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерссон да миссияга катышууга каршы эместигин белгиледи.