Эгер Украина НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн 1,5 миллион аскерден турган армия керек болот. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү Мюнхенде ачылган коопсуздук конференциянда сүйлөгөндө билдирди.
Зеленский белгилегендей, Орусияда 220 аскердик бригада болсо, Украинада анын саны эки эсе аз. Ал ошондой эле Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн «эң арзан вариант» болмок экенин кошумчалады.
"Биз НАТОго, анын кепилдиктерине ишенебиз", - деп баса белгиледи украин лидери. Ошол эле учурда Зеленский "азыр АКШ Украинанын НАТОго кириши тууралуу сүйлөшүүгө даяр эместигин, анткени бул орустар менен эскалацияга жеткирерин" белгиледи.
Буга чейин Зеленский Украина НАТОго кирбесе же Киев аскердик бирикмеден кепилдик албаса, украин армиясынын санын эки эсеге көбөйтүү зарылдыгын айткан.
АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин Украинанын НАТОго кошулушуна ишенбестигин билдирип, бул кадамды “негизсиз” деп атаган.
Мүнхен коопсуздук конференциясы 1963-жылдын февраль айынан бери Мүнхенде өткөрүлгөн эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-февралга караган түнү Чернобыл атомдук электр станциясынын (ЧАЭС) аймагы Орусиянын соккусуна кабылганын, 4-энергоблоктун саркофагына жардыргыч заты бар дрон тийгенин билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
«Азыркы тапта радиациялык фон нормадан ашкан жок, анын деңгээли көзөмөлдө», — деп кошумчалады Зеленский.
Согуштук дрон саркофагга барып тийгенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) да кабарлады.
Дрон коргоочу жаңы катмардын изоляциялык курулмасынын чатырына тийгени белгилүү болду. Ал катмар ЧАЭСтин талкаланган төртүнчү реакторун жаап турат.
Орусиялык дрондун соккусунан кийин ЧАЭСтин 4-энергоблогунда радиациялык фондун деңгээли нормадан ашпаган абалда сакталып турганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы да билдирди.
«Мониторинг уланууда. Кырдаал көзөмөлдө. Расмий гана маалыматтарга ишениңиздер!», — деп айтылды мекеменин маалыматында.
Станциянын 4-энергоблогунда 1986-жылдын 26-апрелинде катуу жарылуу болуп, реактор блогунун бир бөлүгү жана машина залы кыйраган. Радиация жайылып кетпеши үчүн реактор сыртынан атайын «саркофаг» менен капталып коюлган. Адистердин айтымында, жарылуу учурунда реактордун ичинде болгон күйүүчү майдын 95% жана радиациялык заттардын көпчүлүгүн ошол курулма «жаап» турат. АЭСтин өзүнүн иши 2000-жылдын 15-декабрында коопсуздук маселесинен улам токтотулган.
АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу Сауд Арабиясында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп 12-февралда Путин жана Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Ак үйдөгү маалымат жыйынында билдирди.
Трамптын айтымында, жолугушуунун так датасы азырынча аныктала элек. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский жолугушууга катышабы деген суроого Трамп анын катышуусу күтүлбөй турганын кыйытты.
“Балким, биз алгачкы жолугушууну өткөрөбүз, анан экинчиси боюнча ойлонобуз”, — деди Трамп.
Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө бири-биринин өлкөсүнө расмий сапар менен баруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.
Мындан тышкары, Трамп Украинанын НАТОго мүчө болушун “практикага жатпаган нерсе” деп атап, 2014-жылга, Крым аннексияланганга чейинки чек араларга кайтуу “ыктымалдыгы аз” экенин билдирди.
The Wall Street Journal басылмасы Бээжин менен Вашингтондогу булактарына таянып, акыркы жумаларда кытайлык аткаминерлер Трамп администрациясына АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрүн Украинасыз Кытайда өткөрүүнү сунуштаганын жазды.
Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү биргелешкен билдирүү жарыялап, “Украина жана Европа бардык сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болушу керек” деп белгилешти.
“Украинага ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери берилиши зарыл. Украинадагы адилеттүү жана туруктуу тынчтык – күчтүү трансатлантикалык коопсуздуктун маанилүү шарты”, – деп жазылат билдирүүдө.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 12-февралда телефондон сүйлөштү. Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө орус лидери менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазды.
“Биз орус-украин согушунда болуп жаткан миллиондогон адамдардын өлүмүн токтотууну каалайбыз, буга экөөбүз тең макул болдук... Биз бири-бирибиздин өлкөлөрүбүзгө баруу менен абдан тыгыз иштешүүнү макулдаштык. Ошондой эле биздин тиешелүү командалар сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого макул болдук жана Украинанын президенти Зеленскийге телефон чалып баштайбыз”, - деди Трамп.
АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады.
Ага мамлекеттик катчы Марко Рубио, Борбордук Чалгын кызматынын (ЦРУ) башчысы Жон Рэтклифф, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф кирди.
Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү дээрлик бир жарым саатка созулганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал Путин Трампты Москвага чакырганын айтты.
Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганын кабарлады.