Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:51 6.11.2024

Украинанын аскер аба күчөрүнүн учкучсуз учактары биринчи жолу Дагестанга чабуул койду. Махачкаладагы аэропорт ишин токтотту. Аймактын башчысы Сергей Меликов дрон атып түшүрүлгөнүн, республиканын жашоочуларын коргоо үчүн чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

12:48 6.11.2024

18:14 5.11.2024

Орусияда президент Владимир Путиндин Украинадагы согушка катышкандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө паспорт берүүгө жол ачуучу жарлыгына ылайык, быйыл жыл башынан бери 3344 чет өлкөлүккө орус жарандыгы берилди. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Бул аскер кызматкерлеринин гана саныбы же алардын жакындарын кошкондогу жалпы көрсөткүчпү, Волк тактап айткан жок.

Путин орус армиясы же орусиячыл аскердик түзүмдөр менен бир жылдык келишим түзгөн аскер кызматкерлерине жарандык ыйгаруу тууралуу мыйзамга 2022-жылы кол койгон.

Украинага каршы согуш ачкандан бери Орусияда бул өлкөнүн паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбай койгондорду жарандыктан ажыратуу боюнча да мыйзам кабыл алынган. Быйыл сентябрь айында Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул мыйзам аткарыла баштаганын билдирген.

Орусиянын жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдү паспортунан ажыратууга негиз болуучу себептер тизмеси кеңейтилген. ИИМдин маалыматына караганда, быйыл сегиз айда 1117 киши Орусиянын жарандыгынан ажыратылды.

17:48 5.11.2024

Украинада 5-ноябрда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, дагы тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу аймактын администрация башчысы Иван Федоров Telegram каналына жазды.

Ракета түшкөн жерде өрт чыкканы, орус аскерлери бутага инфраструктура объектисин алганы белгиленди.

Согуш башталганга чейин калкы 700 миңдей болгон бул шаар Запорожье атомдук станциясынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Европадагы ири АЭС Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус тараптын көзөмөлүндө турат.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаар Орусиянын учкучсуз учактарынын эки толкун болуп урулган соккусуна кабылганын билдирди.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо эки аял жараат алганын мэр Игорь Терехов маалымдады.

Орусия соңку апталарда Киев, Харьков жана башка шаарларды дээрлик күн сайын аткылоодо.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Одесса, Киев, Сумы, Полтава, Житомир, Черкасск, Чернигов жана Хмельницкий облустарына учурулган 79 согуштук дрондун 48и атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Өлкөнүн дан жана башка продукциясы экспорттолуучу негизги порту Одессада "Кинжал" ракеталарынан экөө атып түшүрүлдү.

Ал эми Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Брянск облусунда украиндердин учкучсуз алты учагы кармалганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG