Орусия менен Украина кайрадан бири-бирине дрондор менен чабуул койду. Орусия учурган дрондор түн ичинде борбор калаа Киевдеги имараттарды жана электр линияларына зыян келтирди. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киев Орусиянын түштүгүндөгү буталарга 20га жакын учкучсуз учактарды жөнөткөнүн, бирок алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусия армиясынын кол салуусунан улам Украинада 585 бала курман болду. Дагы 1664ү ар кандай жарааттарды алган. Мындай маалыматты Украинанын башкы прокуратурасы билдирди.
Балдар көбүнчө Донецк (597), Харьков (459), Днепропетровск (184), Запорожье (145) Киев (133) жана Николаев (117) облустарында көп жабыркаган.
Мурдараак Украинанын ички иштер министри Леонид Тимченко согуштун айынан 1700 ашуун бала дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Маалыматка ылайык, өзгөчө жагдайда дайынсыз жоголгондордун бирдиктүү реестринде жалпысынан 52 миңден ашуун киши катталган.
Октябрдын башында БУУнун Украинадагы адам укуктарына мониторинг кылуу миссиясы орус армиясынын кол салуусунан кийинки өлкөдөгү абал боюнча кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, Орусияга кол салган 2022-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин Украинада 11743 жай тургун каза болуп, дагы 24614 киши жарадар болгон.
2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки аралыкта 589 жай тургун Украинадагы согуштун курмандыгы болсо, 2685 киши жарадар болгон.
АКШ Украинага 425 миллион долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялады.
АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон 1-ноябрда тараткан маалыматка караганда, бул ирет жардам топтому зениттик ракеталарды, снаряддар менен чопкутталган транспортторду камтыйт.
Украинанын Харьков облусунун полициясы 2-ноябрда билдиргендей, Орусиянын ракеталык соккусунан жараат алгандар 40 кишиге жетти.
1-ноябрда Харьков шаарында полиция кызматкерлери топтолгон жерге урулган соккуда бир полициячы набыт болду.