Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Мадумаров: Мага “Чыккынчылык" беренеси менен иш козголду


Мадумаров: Мага “Чыккынчылык" беренеси менен иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал 10-февралда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты. Мунун алдында парламентте депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

XS
SM
MD
LG