Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Казак прокуратурасы: январдагы митингдерди айрым күчтөр пайдаланган


Алматы шаары. 10-январь, 2022-жыл
Алматы шаары. 10-январь, 2022-жыл

Казакстандын Башкы прокуратурасы 7-февралдагы брифингде январдагы окуяларда “тынч митингдерди кээ бир күчтөр пайдаланып кеткенин” жана “күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери атайын бөлүктөргө атайлап тоскоолдук жаратканын” билдирди.

Прокуратуранын бөлүм башчысы Ризабек Ожаровдун айтымында, Казакстан “гибриддик чабуулга туш болду”, ошол күчтөр “аракеттерин координациялап жүргүзгөн жана алар кыянат иштерине кылмыш чөйрөсүн тарткан".

Брифингде Алматы жана Жамбыл облусунда полиция кызматкерлери курал-жарак сакталган ички иштер департаменттерин таштап кетишкени, натыйжада арсеналдын чоң бөлүгү жоголгону айтылды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети “мамлекеттик чыккынчылык жана бийликти күч менен басып алуу аракети” деген беренелердин негизинде козголгон кылмыш иштерин иликтеп жатат. Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын мурдагы эки орун басары камалган.

Жыл башында коңшу өлкөнүн түндүгүндө тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып кеткен. Кээ бир жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон.

Расмий маалыматка ылайык, кандуу окуяларда 227 киши каза тапкан. Бирок укук коргоочулар бул сан мындан көп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG