Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Ташиев: Чек арадагы кырдаал боюнча штаб түзүлдү


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлдү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.

"Чек арадагы кырдаалдан кийин штаб түзүлгөн. Ага бардык мекеме, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жетекчилери бар. Биз саат 11де тажик тарап менен жолугабыз. Анда көп маселелер чечилет. Бул маселелерди президент өзү көзөмөлдөп жатат. Окуяда жарандар, аскер кызматкерлер арасында жоготуу болгон жок, 11 адам жеңил жараат алып ооруканада. Көчүп келген адамдардын бардыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү бийлигинин көзөмөлүндө. Комиссия түзүлгөн, ал бардыгын териштирип чыгат", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу 1470 жергиликтүү тургун эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-январда саат 01:30да билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 1200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.

Убактылуу жайларга 270 адам (алардын 104ү аял, 19у эркек, 147си бала) жеткирилди.

ӨКМ эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болгонун, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Баткен шаарында жалпысынан 600 адам бата тургандай убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт ачылды.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Тажикстандан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды.

XS
SM
MD
LG