Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Тажикстан менен чек арада турган жоокерлер. Баткен. Архивдик сүрөт.
Тажикстан менен чек арада турган жоокерлер. Баткен. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген.

Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү телефондо жагдайды талкуулашты.

Кыргыз тарап түнкү саат 22:30га карата абал тынч экенин маалымдады. Тажикстандан расмий комментарий боло элек.

Ушул күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөн. Кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

XS
SM
MD
LG