Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Малайзия Кыргызстанда эттин адал-паркын курууга кызыгат


Малайзиядан келген делегация Кыргызстандагы ишканалар менен таанышууда.
Малайзиядан келген делегация Кыргызстандагы ишканалар менен таанышууда.

Малайзиядан келген делегация Кыргызстанда эт боюнча адал-парк курууга мүмкүн болгон жерди аныктоодо. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда кабарлады.

Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча Кыргыз агрардык жана Ислам университетинин, муфтияттын өкүлдөрү менен жолугуп, пикир алмашты. Адал-парк ачуу үчүн адистер өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарына барып, шарттар менен таанышат. Малайзиялык эксперттер Кыргызстанда 3-декабрга чейин болот.

Министрликтин белгилешинче, 30-ноябрда эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоору талкууланды. Анда Kyrgyz-Malaysian Corporation, Halnex, CSQ-Law Advocates and Solicitors консорциуму даярдаган баштапкы отчет талкууланган.

Адал-парк куруунун техникалык экономикалык негиздемеси да иштелип чыгат, анда малды багуудан баштап даяр өнүмдү таңгактоого чейин - уюштуруу иштери кириши керек.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда этти кайра иштетүүчү 296 субъект катталган. Алардын 90% кичи-ишканалар. Мындан сырткары санитардык нормаларга жооп бербеген мал союп саткан чакан цехтер иш алып барат.

"Халал" деген белгиде өндүрүлгөн адал азык-түлүктөргө коомчулукта ар кыл көз караштар бар. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана таксилер да пайда болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG