Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

"Жалпы иш" коомдук фонду 30дан ашуун мыйзам бузууну каттаганын маалымдады


Добуш берүү учурунан бир көрүнүш. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Добуш берүү учурунан бир көрүнүш. 28-ноябрь, 2021-жыл.

"Жалпы иш" коомдук фонду парламенттик шайлоо күнү саат 16:00га чейин 33 мыйзам бузуу болгону тууралуу билдирүүлөр келип түшкөнүн кабарлады.

Анын ичинде бюллетендерди кайра саноо болбогону, участкалык шайлоо комиссиясынын отуруму өтпөгөнү, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, байкоочуларга кысым, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы, партиялардын тизмесин жазуудагы техникалык ката, шайлоочунун ордуна башка адам добуш бергени жана башка көрүнүштөр бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда прокуратура органдарына жалпысынан 68 кайрылуу, арыз түшкөн. Анын ичинен үчөө гана добуш берүү күнү келгенин Башкы прокуратуранын өкүлү Мирлан Майтпасов брифингде билдирди.


Ички иштер министрлиги (ИИМ)добуш берүү күнү мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Түшкөн бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатат, кошумча маалымат берилери айтылды.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салып жаткан "Клооп Медиа" коомдук фонду 28-ноябрь, саат 19:00га карата 357 мыйзам бузуу катталганын билдирди. Ага ылайык, мыйзам бузуулар эң көп Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абад облустарында катталган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо аралаш система менен жүрдү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышкан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG