Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби бекитилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинети коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 24-ноябрда билдирди. Расмий маалыматка караганда, коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөө - иш боюнча ордун толтуруудан жана мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттын суммасынан 10% өлчөмүндө (бирок бир миллион сомдон көп эмес) жүргүзүлөт.

Сый акы төмөнкү учурларда төлөнөт:

  • комиссиянын чечими менен ырасталган коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат тийиштүү адам тарабынан берилгенде;
  • мыйзамдуу күчүнө кирген, акыркы болуп саналган жана даттанууга жатпаган соттук актысы бар болсо;
  • коррупциялык укук бузуу менен мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганда.

Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде, бир билдирүүнүн алкагында бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт. Жоопкер кызматкер тарабынан тийиштүү документтер түзүлүп, укук коргоо, көзөмөлдөө органынын жетекчиси тарабынан жети адамдан кем эмес сандагы түзүлгөн комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт. Комиссия коррупция тууралуу маалыматты текшерет жана анын жыйынтыгы менен 10 жумуш күндүн ичинде органдын жетекчисине сый акыны төлөө жөнүндө өтүнүчтү же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет. Мында баш тартуу тийиштүү адам тарабынан коррупциялык укук бузуу тууралуу маалымат берүү фактысы ырасталбаган учурда комиссия тарабынан чыгарылат.

Буга байланыштуу өкмөттүн токтомуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында коррупция боюнча "факт сурабай чара көрөрүн" убада кылган. Буга чейин айтылып келген коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген адамга сый акы берүүнү тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстанда 2019-жылдын январь айында "Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" мыйзам күчүнө кирген.​Ага ылайык, жемкорлуктун бетин ачкан адамга сый акы төлөнүп, мамлекет анын коопсуздугун коргоого тийиш.

Кыргызстанда коррупцияны айтып чыккан кызматкерлер өздөрү куугунтукталып калган учурлар бар. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы коррупциялык иштер жана кыйноо тууралуу айтып чыккан Акжол Раимбердиев жумуштан алынганын билдирди. Бул тууралуу өзү элге видеокайрылуу жасап, "Ютубдагы" баракчасына 21-ноябрда жарыялады.

XS
SM
MD
LG