Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Кыргызстанда күйүүчү май саткан 40тай бекет жабылды


Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу май саткан 40тан ашык бекет жабылды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” ырастады.

Мунун алдында бир катар басылмалар Бишкек-Ош жолунда жайгашкан бир нече май куючу бекеттердин жабылып турган сүрөттөрүн жарыялаган.

“Интернетке маалымат чыккандан кийин журналисттер бизге чалып жатышты. Биз компаниялардан эмне болуп жатканын сурасак, жалпы 40тай бекет жабылыптыр. Алар биздин уюмга мүчө эмес, бирден-экиден жай ачып иштегендер. Чоң компаниялар майда компанияларга бензин менен дизелди сатпай калышты. Себеби өзүбүздө запас болуп турсун деп кармап жатышат. Ошол себептүү майда компаниялар жабылууда. Алар Орусиядан кымбат алып келип, бул жакта сатканда киреше таба албай калышты”,-деди Канат Эшатов.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.

20-октябрда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу баяндамасын караган учурда күйүүчү-майлоочу май маселеси талкууланган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев дүйнөлүк рынокто мунай кымбаттап, Орусияда бензин менен дизел отуну кымбатыраак сатылып жатканын, натыйжада Кыргызстанга да кымбат келип жатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG